Ара-чолодо шылтоо менен айылга каттап турган адатымда, бул жолу да Айт майрамдын шылтоосу менен бала чак узаган уйго айттаганы келдим. Дайыма айылдын озгочо абасы озуно имерип, бала кездеги баскан-турганын менен бирге, ата-энендин элеси созсуз эске тушот. Бугун да ата-энемдин айылдаш эски коз кошуналары уйго айттап кирип, эзелки жакшы кундору менен бирге ата-энемди кубануу менен эскерип, аз убакыт болсо да чер жазып, бата тилеп кайтышты. Алар узагандан кийин ошондогу жакшы кундорду эске салып, болмодо кыйшая эс алып жаткан маалда, апакемдин мага арналган табериги козго урунду. Мурда анча деле маани берчу эмес экенмин. Андагы кылдат чеберчилик менен кооздолгон коркомдукту, жазылган жазууларды эми байкап, "тежемел чонойгонума карабай, менин торт жашка толгонума арнап, бир дубалды бутун кооздукка болой турган сайма сайып ошондо мага таберик катары калтырып кеткен экен!"- деген ойго чомулдум. Учурунда далай айтса да балалык кылып конул бурулбачу сайма килем бул жолу мага озгочо таасир эткенсиди. Анткени, ал саймадагы атыма жараша кумуш тус кошулуп кооздолгон "АЙКУМУШко арнайм МАМАН 5/VII" деген жазуу, толук бир айдан кийин жашыма жаш кошулаарын эске салды!!! Дагы 45 жыл жашаймбы бир Кудай билет дечи, бирок мамамдын бул табериги менин жашыма жаш кошуп, дайым шыктантып туруучу таберик бойдон калчу белек! Эмне деген коздун майы, эмне деген чеберчилик, эмне деген эмгек жумшады экен кайран МАМАМ!!! Андан бери канча мезгил отсо дагы бир болмонун бир дубалын текши коркомдоп, ошол 1977-жылы буткон сайма килемдин боёкторунун ону очпой ошол бойдон дале турат, а апакем аттин, озу жок! Айланага коз чаптырып, ал болмодо андан башка да апакемдин кол эмгектери куну бугункуго чейин турганы кубантты. Апакем турлоп кол онорчулук кылган ото уз адам эле. Ар бир баласын куру калтырбай атыбызды жазып, баарыбызга бирден таберик арнаган! Эсимде, ал кол эмгектерин ошол учурда активдер айылдын ар кандай иш-чараларына сурап кетишер эле. Баёо бала кез да, андай сурап кеткен учурларда элден мурда эле"...кайра булгабай алып келип бергиле...!" деп тыкчындап калар элем... Айтып отурса айылда, бала чактагы эскеруулор коп эле. Бул жон гана кыскача бугунку айт кундогу бош убакта айланага коз чаптыруунун таасири! Апалар, апалардын таберигин аздектеп, барктап жургон туугандарым аман болсун!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев