2017-жылында Кыргыз Мамлекетибиздеги “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата
“ЫЙМАН-АДЕП – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!”
темасы астында
КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУ!!!
Уюштуруучулар:
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы; Кыргызстан Ислам Университети; Адеп Башаты фонду.
1. Конкурстун негизги максаттары:
1) Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллааху алайхи васаллам) жана анын жоро-жолдошторунун асыл адептерин калкка кеңири таанытуу, Алардын өрнөктүү өмүр жолун тушүндүрүү аркылуу жалпы журтубузду тынчтыкка, бейпилчиликке жана адептүүлүккө үндөө.
2) Ислам динибиздеги Матуридия акыйдасы жана Ханафий мазхабынын негизиндеги дин илимдерин үйрөнүүгө, ыймандуулукка жана маданияттуулу