*БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ*
Уландысы.
Мына ушул кезде Аллахтын Элчиси С А В өз мечитинин короосуна кирип баратып, түркүккө таңылуу турган Самаманы көрүп калды да, түнү кайгуул күзөт кызматында болгон сахабаларынан : СИЛЕР КИМДИ ТУТКУНГА АЛЫП КЕЛГЕНИҢЕРДИ БИЛЕСИҢЕРБИ? - деп сурады.
-- Жок оо, Аллахтын Элчиси С А В. Аны Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет, - деп жооп беришти алар.
Аллахтын Элчиси С А В
-- БУЛ САМАМА ИБН УСАЛ АЛ- ХАНАФИ - деди да анан, - АЗЫРЫНЧА АГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ ЖАСАП ТУРГУЛА,- деп буйруду.
Анан үйүнө кайтып келген Аллахтын Элчиси С А В өз үй бүлө мүчөлөрүнө :
-- ҮЙДӨ КАНДАЙ ТАМАК БОЛСО ДА, ДАЯРДАП, САМАМА ИБН УСАЛГА ЖӨНӨТКҮЛӨ..., - деди.