Жаныбарлар жөнүндө кызыктуу фактылар: - 1 кг балды аарылар 2 млн гүлдөн чогултушат; - Жирафты европалыктар биринчи көргөндө гепард менен төөнүн ортосунан чыккан жаныбар болсо керек деп эсептешкен; - Страустун (төө куш) жумурткасынын салмагы 1,5 кг жетет жана аны тоголок бойдон бышыруу 40 мүнөт убакытты талап кылат;; - I-Дүйнөлүк согушка түштүк африкалык маймыл катышып, медаль менен сыйланган жана капраль аскердик наамына ээ болгон; - Жылан 3 жыл тамактанбастан уктап жата бериши мүмкүн; - Келемиштер (крыса) суу ичпестен эң көп убакыт жүрө алган жандыктар; - Колго багылган иттердин 400гө жакын түрү белгилүү болду; - Дельфиндер 1 көзүн ачып алып укташат; - Пил - төрт тизеси бар жалгыз жаныбар