КЫЗДАРГА
Ак таңда эрте тургунуң кызым,
Анткени кышта, түн болот узун.
Шыпырып эшик, тазалап үйүң,
Кудайым берсин өзүңө күчүн.
Кайната чыкса саламың бергин,
Ак бата берет мээримиң үчүн.
Үйүлтүп идиш топтобо кызым,
Үшкүрүк менен октобо кызым,
Майлыгын турса кир болуп кээде,
Деги эле тиктеп токтобо кызым.
Шыпырып үйүң, полуңду жуугун,
Жадырап жайнап шоктоно кызым..
Колуңа жукпайт жумуштун кири,
Табылат улам, биринен бири,
Атаандаш болбой кызмат кыл кызым,
Кайната болот, жашоондун пири.
Кайнене экөө алкышын айтат,
Көңүлдөн сүйүп,, ачылып гүлү.
Мустайып муздак караба кызым,
Салбагын баарын санаага кызым..
Эшик төр эми сеники кызым,
Апаке болдуң балаңа кызым,
Дабаасы болуп жаркыл