Абдан кедей бир үй-бүлө болгон экен. Узун чачтарын тарап, күйөөсүнө сулуу болуш үчүн, бир күнү аялы күйөөсүнөн чач тарагыч сатып берүүсүн суранат. Бирок, жолдошу кайгылуу үнү менен азыр сатып бүрүүгө шарты да, акчасы да жок экендигин, жана өзүнүн кол саатынын куру жок экенин кошумчалап айтып кейийт. Аялы күйөөсүнө жылуу жылмайып гана тим болот. Эртеси күнү, күйөөсү жумуштан чыгып, базарга келип, абдан жакшы көргөн кол саатын арзан баага сатып, аялына тарак сатып алат да үйүн көздөй бет алат. Үйүнө келип, сүйүктүү аялын кубандырайын десе, ал чачтарын кыркып салыптыр. Кыркылган чачын сатып, күйөөсүнүн кол саатына тагылчу кур сатып алат. Бир-бирин жаш толгон көздөр менен карап калышат. Ал көз ж