Эгерде келин чынында өз жолдошун жакшы көрсө, ал менен өмүр бою бир болгусу келсе, анда көп нерсеге көзүн жумуп, бир нече эрежелерди колдонушу зарыл, ошондо гана кайнене менен бир үйдө бактылуу өмүр сүрсө болот: Биринчи эреже «Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт» деген макал бар элибизде. Эгер келин ар убак төркүнүнө чуркай берсе, өзүнүн үйү жыйналбайт да, ошол бойдон көрүнгөн нерсе көрүнгөн жерде калып, үйүӊүздү ар убак чаӊ басып турат. Ошондуктан, төркүнүӊүзгө расмий эле той- топурларда, жакшылык- жамандыктарда, жолдошуӊуз, кайын журтуӊуз менен чогуу конок болуп барганыӊыз туура. Шалпаӊдап эле төркүнгө бара берсе өз ата-энеӊизге деле кадырлуу, сыйлуу болбой каласыз. Экинчи эреже «Төркүнүңдөн