Болотбекова Гүльмира 48 жашта. 3 баланын апасы. Жолдошу каза болгон. Гүльмира эже 2006-жылы инсульт болуп ооруп, 2007-жылы жол кырсыгына кабылып 2 кабыргасы сынып, омуртка сөөктөрү жылып кеткен. Буга чейин көкүрөгүнөн коркунучтуу шишик пайда болуп операция болгон, бирок ал шишик ургаачысы болгондуктан азыркы кезде кайрадан бут денеге таркап кеткен. Кийинчерээк бөйрөгүнөн операция болуп ден-соолугу начарлап жумушка жарамдуу болбогондуктан, кээде кайыр сурап тамак-ашка акча таап 3 баласын жалгыз өзү тарбиялап келген. Азыркы учурда башында шишик пайда болуп, оорусу күчөп, денесин да шишик басып басалбай дарыланууга каражаты болбой келет. 3 баласы менен бир комнаталуу чакан жер үйдү ижарага а