Өз айып-кемчилигиңди кандай жашырсаң,
башкалардын да айып-кемчиликтериң
ошондой жашыргын. Билгиниң, бүгүн
бирөөнүн абийирин ачсаң, анда даярдана
бер, эртең сенин да абийириң ачылат.
Тилиң мененби, колуң мененби, башкага көр казcаң, анда кенен каз, эртең ошол
көргө өзүң да түшөсүң. Көралбастык
кылба, көралбастык эч кимди жакшылыкка
жеткирген эмес. Көралбастыктын айынан
нечендеген өмүрлөр текке кетти,
канчалаган адамдар жакшылыктардан куру калды. Кек сактаба, кечиримдүү бол, бирөөнүн
сени кечиришин кааласаң, анда
башкаларды да кечире бил. Эч качан жөн
жерден жалаа жаппа, бир күнү сен да
бирөөнүн жалган жалаасына кабыласың. Укпайт деп ушактаба, билбейт деп арттан
сүйлөбө, ушакты уг