КАЙРА КЕЛБЕЙТ КАЙРЫЛЫП...
Чал болсо да жалынына күйгөн бар,
Кагаз, темир, чүпүрөгүн сүйгөн бар.
Бакыт көрүп эки кабат кооз тамды,
Бир башына миң көйнөктү үйгөн бар.
Акчасы жок бозойлорду чанган бар,
Байлык көрсө акыл-эстен танган бар.
Башкалардын шаарын бузуп какшатып,
Ойноштуктан оттой күйүп жанган бар.
Сулуулугун байлык көрүп саткан бар,
Бай эркекти маймыл кылып аткан бар.
Кыңшылашып миң кылыкты көрсөтүп,
Кедей кылып башка байга качкан бар.
Көчүгүнөн сыймык издеп жүргөн бар,
Алтын көрсө кош этегин түргөн бар.
Токсондогу чоң атадан көзү өтүп,
Канчык болуп акча үчүн үргөн бар.
"Бар" дегендин баарын көрүп өкүнөм,
Баарын айтып карасам дейм көзүнөн.
Суранамын жаман иштен кайткыла,
Сулуу к