Асан Үсөндү үйлөгөн апа.
——————————————————————
Таң эрте туруп, кулагын салса акырын.
Коңурук тартып, жыргап аай жатат абысын.
Бул жыргап жатса, турушум эмне керекпи.
Деп кайра жатты, Үсөнгө салып далысын.
Бир аздан кийин Асандын жары ойгонуп.
Асандын жарын, андаса жатат койкоюп.
Шүмшүктү кара, бул жатса мага эмне деп.
Ал дагы жатты көмкөрөсүнөн тоңкоюп))
Алганым курсун, бир эмес эки келинди.
Уйкуга тоюп, биринен - бири семирди.
Балдарды үйлөп, жыргаймын деген элем ээй.
Жыргамак турсун, табалай жүрөм эбимди.
Кайнене эмес, буларга кайра келинмин.
Аз эле мага, кызматы тиги эримдин.
Бир деме десем, мурчуя түшөт таарынып.
Көңүлүн карап, чарчадым эки келиндин.
Койчусу коп болсо кою арам өлө