Досум жүрсөң, бир келин бар укмуш да.
Ажырашкан, жолу болбой турмушта.
Анча - мынча, аны турам эрмектеп.
Эркекчилик, туруш жок да урушта.
Сага жагат, өзү дагы керемет.
Маңдайынан, нуру турат себелеп.
Жүрү барып, тааныштырып коёюн.
Таанышкандан, тартынбайт ал келе деп.
Чындап эле укмушпу э? Ой досум.
Анда кеттик, досун жыргап ойносун.
Нак эркеке, аздык кылат бир аял.
Эркексиңби, болуш керек ойношуң.
Досу менен унаасында сүйүнө.
Бара жатып, кабак калды түйүлө.
Себеби ал, унаа барып токтоду.
Карындашынын бир тууган үйүнө.
Сулуу менен эми жыргайт экем да.
Деп ойлогон, бул күндөр да чекең да.
Көрсө досу, эрден чыккан бир тууган.
Карындашын, айтып жаткан экен да.
Токто досум, башка күнү келел