Абдулла бин Мубарак деген такыба пенде жашаган. Ал эки жылдын биринде ажылык милдетин өтөө үчүн Меккеге барат эле. Адаттагыдай ажылыкка баруу жылы келгенде камданып, үй бүлөсү менен коштошуп жолго аттанат. Жол жүрүп олтуруп бир аялдын жерди казып өлүп калган тоокту чыгарып жатканын көрүп калат. Анын жанына келип: "Сага эмне болду, оо Алланын кулу" - деп сурайт. Тиги аял болсо: "Жолуңду улай бер, оо Алланын пендеси!, Мени Жаратуучуга калтыр, чындыгында мага Алла Таала жетиштүү" - дейт. Анда Абдулла бин Мубарак: "Аллага ант! Эмне болгондугун айтпасаң, бул жерден бир кадам да жылбайм" - дейт. Аял: "Мен төрт баланын энесимин, балдарым болсо аябай