Ассалоому Алейкум урматтуу.
МОМУН МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР!
Сиздерден өтүнүч аягына чейин окуп чыгыңыздар.
2-январь кечки саат 18:50 элдин баары Жаңы-Жыл тосуп, түнү менен шарактап, акчаларын асманга жардырып, бир күндө баарын ичип жеп тынчып калган убак. Эшикте жым жырт. Асманда ай чыгып жылдыздар жымыңдап турат.
Адаттагыдай өзүм барып жүргөн Төмөнкү Аларча мечитине куптан намазын окуу үчүн кирдим, жамаат бары чогулуп тоголок болуп отуруп машпара(кеңешүү) өтүп жатыптыр. Таксырлардын четинен орун алып отурдум. Нурбек ава үшкүрүп кыйын абалда жашап жаткан бир үй-бүлө тууралуу айтып жатыптыр. Өтөө аянычтуу, жүрөк өйүткөн, жардамдын баардык түрүнө муктаж абалдагы үй-бүлө экен. Жамаат жар