Туулган жер,эстей берем бассам,турсам, Сагыныч боз торгойдун үнүн уксам. Көк кашка булагыңды көргүм келет, Мен үчүн эң кымбатсың , КАРА-КУЛЖАМ. Бош боло калганымда барып турам, Чакырып мейманчылайт ага-тууган. Тоолорум кучак жайып кел дегенсийт, Кызымсың келип тур деп КАРА-КУЛЖАМ.