АРЗУУЛАР.
Саламатсыздарбы? Мен ичимдеги болгон бугумду чыгарып алгым келди, сиздер менен бөлүшүп. Мындан 6 ай мурун бир жигит менен таанышып калдым, мурунку жигитим менин көзүмчө кыздар менен кучакташып, өбүшүп жүргөнүнө ичим күйүп, менда башка бала менен сүйлөшүүнү чечип ал бала менен тааныштым. Аны мен бир көрүп жактырып калган элем. "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө" деп курбуларым канча каршы болушту. Албетте өзүмдүкүн берген жокмун, ага чалып, жазып, кезигели деп дагы сагынганда айтчу элем. Ал деле чалып, жазып турчу бирок мага көңүлү жок эле. Ата-энем жок чоңойгондуктан. Ар бир адамдан жылуу мамиле издей берчүмүн. Анын жанында жүргөн убакта бактылуу элем. Жашоо жашаш керек, жанды багыш керек болуп