КЕЛИНДЕР ТӨРКҮНҮНӨ
КАЙТПАСА ЭКЕН.. " Келин " - деп, катуу айтып какпаса экен. Кемсинтип,
кемчилигин айтпаса экен. Жетелеп балдарыны түбөлүккө, Келиндер, төркүнүнө
кайтпаса экен! Бүлөөнү сүйүүсү жок курбаса экен. Бирөөнүн тагдыр жолу сынбаса
экен. Кыр издеп жумурткадан чыр чыгарып, Күйөөлөр аялдарын урбаса экен!
Булактын суусун сазга бурбаса экен. Арамды адал сууга жуубаса экен. Болбогон
буюм үчүн, балта чабып, Кайын журт келиндерин куубаса экен! Бирөөгө бирөө
шылдың күлбөсө экен. Келиндер турмушунан күйбөсө экен. Балдарын багамын деп,
түйшүк тартып, Талаалап апакелер жүрбөсө экен (Манап Ниязбеков)