Сен, сен дүйнө, сен дүйнө...
бир бетине күн тийген,
бир бетине түн тийген,
алды казык, арты өкүнч,
оомал-төкмөл кем дүйнө...
Бөдөнөсү кыргыйга
жем жаралган, сен дүйнө,
эки эгиздин бирөвү
кем жаралган сен дүйнө...
Сен, сен дүйнө, сен дүйнө...
ким жеткен сенин түбүңө?!
Жарыктыкты көргүзгөн,
ууз сүтүн эмизген
апам кайда, сен дүйнө?!
...алтын бешик терметкен,
Алланын атын үйрөткөн
атам кайда, сен дүйнө?!
...күлүк минип зуулаткан,
күндө сыйда куунаткан
бапам кайда, сен дүйнө?!
Сен, сен дүйнө, сен дүйнө...
кимге бапа кылгансын?!
...пайгамбарды алгансың,
падышаны алгансың,
кызыл өңдөн аздырган,
бүтүнүңдөн тоздурган
караан күн, өзүң балбансың...
кылайган шоола боз салкын,
жарыктык өзүң бир тартым,