Замандын түбү тешилдиби? Аялдама... Аксакал отуруптур... Маанайы суз. Салам айттым. Алик алды. Оор үшкүрүнөт... Абалын сурайын дедим. Тартындым. Аңгыча өзү сөз баштады: "Замандын түбү тешилди, атаңкөрү" – дейт. Эмне болду дедим. Алдап кетишиптир. Тапкан экен алдоочу кишини! Жүз доллурум бар эле дейт. Орусиядан баласы жөнөтүптүр. Акча алмаштыргыч бала колунан алып ары кирип кайра чыгыптыр. "Ата кечирип коюңуз, бизде акча жок экен, кийинкиге барыңыз"... Бала сылык сүйлөдү дейт. Акчаны алып кийинкисине барса, биз мындайды албайбыз дейт. Эмнеге десе, бул эч нерсеге жарабайт дейт. Абышка түшүнбөй кийинкисине барат. Ал 40 сом карматыптыр. Эмнеге десе, сиздики 1 эле доллар эмеспи дейт. Көрсө 100 до