Аталар жумуштан келип апаларга не иш кылдын кечке деп сурашат го, ошолорго))
Таңда турдум тан дегеним беш жарым.
Көбү уйкуда, ага кошо жер дагын.
Отту козгоп көмүр салдым печкеге.
Балдар менен үшүп калба деп жаным.
Сени ойготтум, беттен өөп эркелеп.
Тура койчу, жата бербей кечке деп.
Турганыңча кийиминди үтүктөп,
Даярдадым, кийет муну ишке деп.
Ал аңгыча от кызыды мештеги.
Жанагычы, танда жаккан, бештеги))
Ага дароо чайнек коюп кайнатып.
Тамакты да кое салдым кечтеги.
Дасторконду кенен жайып алдыңа.
Тамак бердим, курсак тойсо жакшы да.
Жеп бүткөн соң жумушуңа жөнөтүп.
Чай ичирдим, балдарыңдын баарына.
Алардын да кийимдерин үтүктөп.
Бети, колун усту - башын түзүктө