Бул окуя Американын бир шаарчасында болгон. Бир күнү көчөдөгү бир тилемчи астына салып жаткан гезиттердин биринен кичинекей жарыяга көзү түшүп калат. Бул жарыя өзгөчө жарыя эле: “Эки кабат чоң үй сатылат. Бакчасы, гүл багы, бассейни жана башка бардык шарттары менен. Баасы 1 доллар”. Көпкө карап туруп, ал гезитти акырын бүктөп коёт. Ошентип, ал күнү кечинде келет да, баягы жарыяны кайра окуйт. Ишенүүгө мүмкүн болбогон бул жарыя кадимки эле жарыялардын арасынан орун алгандыктан, эч кандай шектенүүгө илинчек таппайт. Үч күн бою тилемчинин оюна баягы жарыядан башка нерсе келбейт. Акыры бир сураштырып көрүүнү чечет. Ошентип, жазылган дарекке жөнөйт. Жакын калганда жол боюнда чоң такт