БУЛ ЖЕМИШТЕРДИН ДАРЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?
Чычырканактын мөмөсүндө С, Е, В, Р витаминдери, микроэлементтер, фруктоза жана башка көптөгөн биологиялык активдүү заттар бар. Ал карылыкка тоскоол болуучу Е витаминин өзүнө камтыгандыгы жагынан башка бир дагы мөмө-жемишти алдына өткөрбөйт. Чычырканактын майы ажайып дарылыгы бар каражат болуп эсептелинет. Ал теринин жарасына, күйүккө, суукка алдырууга, ашказан жарасына жана башка ооруларга жакшы жардам берет. Мындан тышкары, чычырканак бактерияларга каршы туруучу касиетке ээ - ал кариести чакыруучу бактериялардан тишти сактайт, ооздун жагымсыз жытын кетирет, бүйлөлөрдү бекемдейт. Оозго чыккан учуктун жайылып кетишинин алдын алат, кургаган эринди жумшартат.