Cүйүү оттой, жагуу керек тынбастан,
Өчө баштайт карабастан тыштасаң,
Жалп деп өчөт, суу сепкендей кыласың,
Сүйгөнүңдүн ишеничин булгасаң.
Кээде быкшып,тутана албай аба өтчү капкактарды жапкандай,
Кээде күйөт эптеп эле эки чырпык жаккандай,
Таарынычтан араң калат жылуулук,
Чок калбаган от тутантып жаткандай.
Биз күткөндөй бир өлчөмдө ал турбас,
Бирде алоолоп, бирде бастап күйөт жай.
Биздин жагып, сактаганга жараша
Кээде улуу от аптабына чыдатпай.
Автор: Абдыбекова Марсия