Курман айт майрамы менен жалпы момун мусулман бир туугандарды чын жүрөктөн куттуктайм! Элибизде дайым тынчтык болсун. Алла Таала элибизди жерибизди асман, жерден келе турган бардык балээлерден сактасын. Ар бириңиздердин үй-бүлөөңүздөргө чексиз бакытты, бекем ден-соолукту жана күчтүү ыйманды тилейм. Кудайым жерибизге береке берсин. Азыркы болуп жаткан дүйнөлүк апааттан жалпы жумурай-журттубуз сакталып, элибиз, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшсүн. Жакшы тилек менен чалынган курманчылыктарды Кудайым кабыл кылып, тилектерибиз орундалсын. Элибиздин ынтымагы бекем болсун!