Урматтуу мусулман бир туугандар, достор. Эч ким бул дүйнөгө түркүк эмес. Эч ким бул дүйнөгө өзүнүн каалосу менен келген эмес . Өзү каалаган келбетте, өзү каалаган мекенге, өзү каалаган жыныста эч ким бул дүйнөгө келе албайт ! Туурабы туура эмеспи ? Бир да адам бул дүйнөдө өзү каалагандай убакытка, өзү каалагандай жыргал жашоо куруп өзү каалаган убакта кете албайт . Баардык болуп жаткан нерселер Аллахтын каалосу менен болуп жатат. Сиз каалайсыз бир нерсенин болуусун.. Жамгыр каттуу жааса токтоосун каалайсыз бирок токтобойт . Күн каттуу ысыса салкынды каалайсыз . Бирок заматта сал
Дааватчынын кийген бут кийимин кийип, ал баскан жолду басып, уккан сөздү угуп, илиминдей илим издеп, даават жолунда жашоосун садака кылып, жакшылыкка үндөп жамандыктан кайтарып, өмүрүнүн бир азын ошолордой өткөзсө, дааватчынын баркын билет беле...