Биздин мамлекетибиздин аянтынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Негизинен алганда жети дубаныбызда тең ушундай лыжа курорттору болушу керек эле. Бирок бизде жокко эсе.
Эмне үчүн дегенде көз карандысыздык алган күндөн баштап, жөнөкөй калктан президенттерге чейин бир гана саясат менен шугулданып жүрө бергенбиз. “Күндө митинг, күндө той” болот эле бизде. Экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калган.
Бүгүнкү “Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев жоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур.
Сөз жок. Азамат.
Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан! Миллиондогон туристтер эс алып жүрүшөт.