ЭКИ КЕЛИНДИН ДИАЛОГУ . -Күйөөм жаңы көйнөкө акча бербей койду. -Сен эмне дедин?. -Кээ бир аялдар ай сайын жаңы көйнөк кийет- дедим. -Күйөөңчү ... ал эмне деди? -Кээ бир аялдар бир көйнөктү беш жыл кийет -деди. -Таарынба досум, бирок күйөөң туура айтыптыр. -Бул эмне дегениң, сен дагы күйөөмдүн жагынан чыктыңбы?. -Күйөөң алтын адам. Ай сайын алып бербесе да, шкафынды кийимге толтуруп койгон. -Аларды кийгенмин да. Баары көргөн... -Мм...бир сөз айтайынбы?. -Айтсаң айт... ичиңде калбасын. -Кээ бир аялдардын таптакыр күйөөсү жок. -Эмне дегениң бул?. -Байкуштар... алар кийимди эмес, балдарынын курсагын кантип тойгозсом деп ойлойт. Сен болсо жегенин алдында, жебегенин