Жаңыбай жаман эмес жакшы чабан,
Жан досум, жазда барам, жайда барам.
Конокко кол куушуруп ызат кылат
Аялы ачык мүнөз жайдары адам.
Жакемде жалгыз гана жаман адат —
Аялын ак жүрбөйт деп арам санап,
Үйүнө кирген чыккан, кишилерди,
Үңкүйүп жатат экен тоодон карап.
Эгерде эркек кирсе кокус барып,
Чай ичсе, чай кайнамча чыкпай калып,
Батышты балээ басып жатабы деп,
Кокту ылдый таш кулатат айкай салып.
Бул кезде Батыш ойлойт малдын камын,
Бир тилек баш кошушкан жардын камын.
Келген жан кечикпестен кетсе экен деп,
Олтурат оюна албай жаштык жагын.
Ошентип, Жакем кызганч аялына,
Ишенбей актыгына, адалына,
Үңкүйүп үйүн тоодон карап жатып,
Үч коюн бөрү жептир баягыда.