Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлдөрү, бүгүн Пекин шаарында, Кыргызстандык студенттер менен чогулуш өткөрдү. Чогулушта ар түрдүү маселелер көтөрүлүп, "Кыргызстандын Маданият Күндөрү" жана Кыргызстандык студенттердин Кытайдагы жолугушуусу боюнча да маалымат берилди. Айта кетчү нерсе бул иш-чара 9-10-11 май күндөрү Кытай Эл Республикасынын, Гуйлин шаарында өткөрүлмөкчү.