Аял менен эркектин мамилеси кандай болуш керек? ===================================== Аял ызат-урматка ылайыктуу жаралган асыл зат. Аны баалабастык бул наадандак. Акылдуу, ар намыстуу аялдар эркектин кубанычына, кайгысына дайыма шериктеш болуп келген. Алар өз күйөөлөрүнүн таламдарын баарынан бийик коюу менен күйөөлөрүнүн дагы бийик урматтоосуна татыктуу болушкан.
Эркек жана аялдын бейпил жашоосу бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнө бакыт-таалай алып келет. Алардын жүздөрүнө ырахат, жыргал өз дарбазасын чоң ачат. Эгер ата-эне тарбиялуу, адептүү жана куш мамиледе болсо, перзенттери дагы алардан үлгү алып ошондой тарбияда өсөт. Тескерисинче тарбиясыз, жаңжалкеч ата-эненин перзенттери өздөрүнө окшош бол