-Апа, момпосуйларды бул хрусталь идиштерге салайын, ээ?
– Жок, аны алып чыкпа, жөнөкөй эле табакка салып кой. Кошуналар эле келет.
– Аа, салаттардычы?
– Аны тиги алтын сызмасы бар тарелкаларга сал. Экини эле алсаң.
Апамдын үйүндө эмне гана жок. Советтик мезгилдеги хрусталдар, фарфор сервиздер, күмүш кашыктар. Бирок биз таптакыр колдончу эмеспиз. Ошол кездеги бардык эле аялдардай апам бул нерселерди өтө сый конокторго арначу. Ал коноктор жылына бир келет, келбесе жок. Бирине-бири кичине оозун ачып турган балык сувенирлер мурун ар бир үйдө болчу. Мага ошол балыктар аябай жагар эле. Бирок апам аны мага сылап турганга эле берип, кайра чаңын тазалап коюп койчу.
Кийин биз чоңоюп калганда апам