Урматтуу Сооронбай Шарипович! “Бишкек-Жумгал” жолунун абалы менен кандай өкмөт келбесин, кайсы депутаттарды шайлабайлы, ким президент болбосун сай какшап айтып келебиз. Шайлоо өнөктүгүндө эл менен жолугушууга келгенде убадалар жамгырдай жааганы менен ушул күнгө чейин жолубуз оңолуп кеткен жок. Куру убадалар, жалындуу сөздөр гана айтылып, иш жүзүндө эч бир жылыш жок. “Жумгал-Бишкек” жолу Союздун мыкты заманында салынган боюнча ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык ремонттон өтө элек. Кыргызстандын ички каттамы болгон соң ары бери каттоодо унааларыбыздын тамтыгы калган жок. Ага карабай элибиз бир да жолу жол тосуп же башка мыйзамсыз иштерге барб