Менин динге келишиме, намаз окуп калышыма көп нерсе себеп болду. Ошолордун бири кадимки эле телефон. Кантип?
Адамга кудай акылды жөн берген эмес. Ар нерсеге акыл калчай билсин деп берген. Ошол жаман акылым менен кудайга намаз окубай деле ишенсе, сыйынса болот да деген ишенимде жүрдүм. 18 миң ай-ааламды жараткан кудай биздин сыйынуубузга зарыгып калыптырбы? Ойго келе калган эле жерден “Оо, кудурети күчтүү кудай!” десең, калганын Жараткан өзү билет да. Сенин тилиңдегини эмес, дилиңдегини да билет эмеспи кудай?
Чынында, ушул суроолордун түбүндө мандем бар. Эгерде уюлдук байланыш чыгып калган заманда жашабаганымда, балким, өмүр бою ушул түшүнүк менен жүрө бермекмин. Телефон жашоо каражатыбыздын