Бекер Жаннат Атасы баласына; Балам билесиңби негизи адам баласы Жаннатка бекер кирет. Ал эми тозокко кирүү үчүн акча берет десе да болот. Тан калган баласы; ал кандайча?-деп сурайт.
Атасы; ооба балам тозок оту бекер эмес. Мисалы:Ким кумар ойносо ал үчүн акча төлөйт, арак ичсе да төлөйт, зина да бекер эмес, тамеки да акча турат, кыдырсаң да баары бир төлөйсүң. Ал Жаннатка кирүү балам бекер. Намаз окуу бекер, орозо кармоо бекер, Алланы зикир кылуу бекер. Алладан коркуп харамга көз салбоо бекер, жадагалса Мечитке кирүү да бекер. Эми эмнеге бекер Жаннат турганда тозокко акча төлөп киришибиз керек.
Бул кабарды сен бекер алдың.Эми силер да бекер таркаткыла. Ошентип Алладан бекер сооп аласыңар