Бир куну адам сезимдери менен бирге ойномокчу болуптур.Ошондо жүрөк жашынмак ойногонду айтыптыр. Ага баары макул болуп жүрөк көзүн байлап санай баштайт.Бул убакытта кызганыч, таарыныч, сагыныч, адамгерчилик, ушак бекинип үлгүрөт. Ал эми махабат кайда жашынаарын билбей, роза гүлдөрдүн арасына жашыныптыр. Махабат аябай назик болот эмеспи. Жүрөк баарын издеп таап бирок махабатты такыр таппай коёт. Бир убакта гүл арасынан махабаттын ыйлаган үнүн угуп, жүрөк барып караса гүлдүн тикендери кирип махабаттын көзү сокур, кулагы керең болуп калыптыр. Ал буга жүрөк өзүн күнөөлөп махабатты өзү менен ар дайым жетелеп жүрөт экен.