"Мен сени жакшы көрөм!"
Күн сайын ушул сөздү уккан балада, базалык коопсуздук жана шартсыз сүйүү сезимдери калыптанат.
2. "Сенин колуңдан келет" "Сага ишенем"
деген сөздөр менен баланызга өзүнө болгон ишенимди күчөтүп, позитивдүү ойлонуу адатын калыптасак болот.
3. "Мен сени менен сыймыктанам" "Азаматсың!"деген сөздөр баланын маанайын көтөрүп, жашоого шыктандырат. Аткарган тапшырмаларын, жетишкендиктерин, ошондой эле сиздин балаңыз болгондугу үчүн да мактаңыз жана мактаныңыз. Бирок себепсиз мактоодон алыс болуңуз. Анткени ар дайым себеби жок ашыкча мактоо уккан бала келечекте критиканы кабыл алуусу оор болуп калышы мүмкүн.
4. "Сен кандай ойлойсуң?"
Бул суроо менен баладагы ой жүгүртүүнү өстүрүп, анын ою жана көз карашы маанилүү экенин сездире алабыз.
5. "Мен ар дайым сени колдойм" Бул сөздү айтып эле тим болбостон иш-аракет менен да көрсөтүшүбүз керек. Бул сөздү угуп чоңойгон бала жашоодо ката кетиргенден коркпой Кетирген каталарын оңдоого жөндөмдүү болуп, баланын ички стимулу күчтүү болот. Ката кылгандан коркпостон, кыйынчылыктарды жеңип, өжөр, аракетчил болууга шарт түзүлөт.
#балаңакүндөайт


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев