Мына азыр ушул учурда “Ала Арча” мамрезиденциясында ЛЕГИТИМДҮҮЛҮК менен МЫЙЗАМДУУЛУК деген эки бири бирине дал келбеген түшүнүктөрдү аралаштырып, винегрет кылуу үчүн ЖКтин кезексиз жыйыны чогулууда.
С. Жапаровду ЖКтин депутаттары “экинчи” жолу башкы министр кызмат ордуна дайындагандан бери, маалыматтык талаадан “легитимдүү, легитимсиз” деген талаш тартуулар талкуланууда.
Алдын ала айтып кетүүчү нерсе – “легитимдүүлүк” менен “мыйзамдуулук” деген түшүнүктөр СИНОНИМ дагы эмес, БИРДЕЙ МААНИГЕ дагы ээ эмес.
“Легитимдүүлүк” деген эмне экенин такташтырып берүүнү туура көрдүм.
Көпчүлүк адамдар бир нерсени мисалдар аркылуу жакшы түшүнүшөт. Демек, “легитимдүүлүк” менен “мыйзамдуулукту” мисалдардын негизинде түшүндүрүшкө аракет кылайын.
2005 ж., март айы, А. Акаев – мыйзамдуу президент. Ошол убакыттагы бардык мызамдардын негизинде президенттикке ээ болгон. Ошол эле учурда, А. Акаев – легитимдү
Болуп актан “маалыматтык” тирешүүгө байкоо жүргүзүп атсам, бир нерсе көзгө даана көрүнүп турат. “Мына мен”, “мени кара”, “мени кантип эле көрбөйсүң” деп “колун көтөрүп” атат.
Бул нерсе – ресурс!
Тагыраак айтканда, маалыматтык тирешүүдөн – ресурстук тирешүүгө өткөрүү аракеттери.
С. Жапаровду элдин активдүү бөлүгү колдоодо шек жок. Демек, бул – элдик ресурс десем жаңылбаймын.
С. Жапаровго каршы тургандарда элдик ресурс жок (активдүү эл). Булар С. Жээнбековду саясий майданга алып чыгуунун аракеттерин ишке ашырууда. Себеби, С. Жээнбековдо ресурс бар. Муну – административдик ресурс деп айтат.
Эң кызыктуусу, мурда “административдик ресурс” деген түшүнүк негативдик мааниде колдонулчу. Айрыкч