Мен кээ бир адамдарга эч тушунбоймун.Мен студентмин Бишкекте.Атым Чынара.Окуудан чыгар замат базарда эжемдин жанында соода кылып жардамдашып кечирээк уйго кетемин.Биз эжем менен Ак-Оргодо жашайбыз.Маршрутка менен кундо кечинде уйго карай жол аламын.Маршрутка кутуп турган кезимде бир байке бирге тушуп калып жакын туруп калды.Албетте мен аны тааныбаймын.Олтурганга жай жок аран бара жатсам жанымдагы байке башкача коздору менен мага тигилип жакын туруп калды.Андай нерсеге ар бир кыз сурдонуп,кызара тушсо керек.Ичимден бир демелер болуп бараттым.Ал байке бир 26-28 жаштар чамасы корунот эле Ошентип ,адамдар маршруткага чыкканы чыгып,тушкону тушуп жатып орундуктан жай алдым.Мен тушор жериме дейир ар кандай ойлор менен бараттым.Ал кун эми кокустук болду да,бирок жалт эткен элеси эсимде турар эле.Бир эле коргондон жактыруу болуусу мумкун эмес деп ошол бойдон эсимден чыгарып кадимкидей кундорду уланта бердим.Дагы бир кун дал ошол жигит менен бирге дал ошол маршруткага тушуп калыптырбыз..Мен арт жагында турсам жанакы чыккан байке сурулуп отуруп жакын келип,кайрадан эле мага жакындай берди,денем чымырап ,уялып жузуно карай албастан бараттым.Эч кандай мага жакындабай эл катары эле кеттик,бирок эч козун менден узбой карап жатты.Мен дарегиме жетип тушор замат артымдан ал да тушо калды.Албетте мен оз дарегим тарап басып бара жатсам ,чон кыз токтосонуз кечириниз чон кыз бир суроо берейин "суйуп калуу кунообу "-деп суроо узатты.Мен "суйуп коргон эмесмин,менин башкы максатым окуу жана окуу "-деп кыска жооп берип ары бастым.Ал аябай тамашакойбу "т амаша сулуу кыз "чындыгын айтканда мен деле суйуу не экенин билбеймин.Жон гана таанышып алсак болобу?деп тамаша-чын создорун аралаштырып жатып,мен жооп бергениме жооп берип каалаганда суйлоп каалабаганда суйлобой назданып жатып таанышууга улгурдук.Ал базарда менден узак эмес жерде бут кийим сатып иштоосун айтты.Кыскасы ал жагын айтпай эле коеюн ары бери каттап журуп бирге жакшы тааныштарга айландык.Мага бекер бут кийимдерден берип,телефондун кымбатын акчаны аябастан алып берди.Менин уй-булом жана озум жонундо толук маалымат алып экообуз кыз-жигитке айландык.Азыр сиздерге соз менен тушундуро албайм кээ бир адамды коргондо жактырасын дешет,мамиле куруп ар бир аракетин,мамилесин коруп ошол жигитти гана келечегимде коро алдым.Озум кыйналып жургондон кээде акча жактан да жардам берип жатты.Болгону 1ай мамиледе болгонбуз.Кундордун биринде маршрутта экообуз арткы орунда кадимкидей суйлошуп бара жатсак,жолдон бир келин 2 баласы менен жудоо чыкты.Анысы аз келгенсип сумка жана2 пакети да бар экен.Бири колунда кичинекей бобок,а бири болсо 2-3жаштар чамасында.Алдынкы орундардан орун бошотуп,бири улуурак баласын кармап олтуруп баратты.Мен болсо ал келинге карап,2 баласы бар экен (дагы колунда пакеттерге нелер салып алган билбедим)кыйналып кочодо не кылат экен эри машинада алып журбойбу же ажырашып кеткенби деп ойлоп койдум.Кичинеси ыйлап ысыкта аран баратты.чон уулу жанымда олтурган Максатты карап талпынып ыйлай баштаса Максат колумдагы чон журналды алып бетин тозот.Тушунбой тан калдым.Ай Максат байке не болду десем кызарып суйлобой олтуруп калды.Ары жактан жанакы келин атын угар замат артына бурулуп "ии сен бул жерде белен,ырас болбодубу жардамдашып алсан баланды,тообо корбодунбу ушулар ыйлап ызы-чуу кылса да деп кубана тушту.Мен журогум былк дей тушконсуп оозума соз да келбей ойго батып калдым .Аялы анан балдары бар экенин билген сон унчукпай,эч нерсени сыр бербоону чечтим.Жолдо айнектен сыртты карап ойлонуп бараттым "тообо ушул эркектерге не жетишпейт экен,уй-булолуу болуп туруп неге мени суйом деп мага акча коротот?Мени алдоону чечтиби же уй-булоосун жер кылып тепсеп отуп мага уйлонууну кааладыбы ?Мага кетирген акчасынын ордуна аялына таксиге деп,усту-башын жанылап ал деп ошого кам корсо болбойт беле?Мурдакы бир Максат менен бир окуяга туш болгон кун эсиме тушту-экообуз базардан чыгып бара жатсак бир келин баласын алып картошка сатып олтурган экен,усту киир баласы да жудоо-ошондо мен иий байкуш аял уйдо эле олтурбаптыр да куйоосу ушуларга шарт тузбостон эмне кылып журот десем,ооба жаным туура айтасын ушул аялдын жолдошун корсом эзип салам го,эркексинби озун иште деймин деп.Анан мага экообуз турмуш курсак балабызды карап уйдо эч нерсенен кем болбойсун,эркек болгондон кийин уй-булосу учун туну куну дебестен иштеп,аларды зарыктырбоосу керек деген эле.Жалган суйлоп эмне пайда табат?кыскасы......менде кээ бир ушундай эркектерге соз жок!Аялынарга биринчи кам коруп алгыла айланайындар,алар деле мендей кыз болуп,арзуу умуттор менен силерге турмушка чыккан.!Кудайыма минден мин шугур ушул адамдын чыныгы ким экенин кеч болбой билгениме.Озунор шарт кылып,акча менен тейлебестен уйго барып,аялдан сый урмат каалайсынар!Озунор биринчи озунорду сыйлап уйронгулочу!Жалган менен конул ачуу качанга чейин узайт эле?Мен мына ошол байкени эми омур бою жаман адам катары санап отомун!Мен билбедим менин жолдошум ушул нерсеге барганда менин абалым кандай болор эле. Кээ бирин озунордун баскан жолунарды билбей кол да которорсунор.Анан торот деген эмне экенин алы мен тарта элекмин,бирок кыйын дешет аялынар силер учун тороп уй-булоодо арабаны алга карай суйрогонго аракет жасап жатса ,силер башкаларга коз артып убактынарды откоросунор,30мунот эрте барсанар оз балдарынарды каралашарсынар,мээриминерди оз уй-булонорго тартуулагыла!!!Бул баардык эркектерге эмес ушундай мамиле жасап жаткан эркектер силерге тиешелуу экенин байкап,озунор чечим чыгарарсынар!
Автор Lara Abramova .Москва 20.июнь. 2017 ж


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22