Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

5 апр 2019

1.

Кара зиренин жанчылган уругун балга аралаштырып колдонуу аркылуу өттөгү жана бөйрөктөгү ташты эритүүгө болот.
2. Кара зире ишке болгон жөндөмдүүлүктү жана жашоо тонусун
жогорулатат.
3. Карындагы жана ашказандагы мите курттарды өлтүрөт.
4. Суук тийгенде жана ревматизм оорусуна чалдыкканда, кара зиренин маңызынан башка компресс жасаса болот.
5. Какырык чыгып жаткан мезгилде кара зирени лимондун ширесине аралаштырып кабыл алуу зарыл (ага бир аз бал же даамына жараша шекер кошуп алса да болот).
6. Кара зиренин түтүнү чиркейлерди ж. б. курт-кумурскаларды кубалайт.
7. Кара зирени жаңыдан пайда болуп келаткан меңге басса, аны орду-түбү менен жок кылат. Ошондой эле, ал канды да тазалайт.
8. Ала оорусуна чалдыккандар дагы кара зиренин пастасына уксус кошуп, ооруган жерине басса болот.
9. Теринин абалы начарлаганда, кара зирени майга кошуп үзгүлтүксүз колдонуу зарыл.
10. Кара зирени колдонуу жиликтин чучугу иштелип чыгышын жана иммундук системанын жашоо үчүн маанилүү болгон клеткаларынын иштелип чыгуусун жөнгө салат. Муну Түштүк Калифорниядагы Рак-иммундук-биологиялык лабораториянын
изилдөөчүлөрү расмий түрдө далилдешкен.
11. Кара зире рак шишигин дарылоочу жана алдын алуучу идеалдуу өсүмдүк болуп эсептелет. Бул жөнүндө катталган
фактылар да бар.
12. Кара зирени колдонуу кандагы канттын деңгээлин эң сонун
төмөндөтөт.
13. Рак оорусуна кабылгандар күн сайын таң ата электе ачкарын кара зиренин бир орточо башынын ширесин ичип турушу зарыл. Бул бир айга созулушу керек. Дал ушул ыкма менен рак оорусун дарылоого болот.
14. Тамагынан рак болгондор күн сайын кара зиренин майын балга
аралаштырып ичип турушу керек.
15. Ичөткөк болуп, чычкактаган кезде, ошондой эле, заара чыгарууга байланышкан ооруларга дабаа болчу каражат катары колдонулат.
16. Кара зиренин майы - жылан чакканда, ууланууга каршы эң сонун каражат.
17. Лимфа түйүндөрүнө жакшы таасир этип, анын азайышына өбөлгө түзөт.
18. Чачтын өсүшүн калыбына келтирип, агарып кетишине каршы да колдонулат.
19. Кара зиренин данын эненин сүтүнө салып бир саат тыныктырып туруп, андан соң гепатиттен жабыркаган адамга жыттатса, эң сонун дарылык таасирин тийгизет. Себеби, мындай учурда боордун жана өттүн түтүктөрүнүн жолдору ачылат.
20. Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн, кара зирени майдалап, ирис майына аралаштырып жыттоо зарыл.
21. Тери ооруларын, ириңдүү котурду, ала ооруларын дарылоодо, уксус менен кошо таңылат.
22. Кара зирени катуу шишикке каршы колдонууга да болот.
23. Анусту кара зире майы менен майлап, мите курттардан арылууга болот.
24. Түнкүсүн уксуска чыланып, андан соң жанчылган кара зирени өнөкөт баш ооруну айыктырууда жана нерв оорусунан улам шал болгондо жыттаса болот.
25. Кара зирени тамырлардын толуп калуусун дарылоодо да колдонуп жүрүшөт.
26. Бал менен аралаштырылган кара зире бөйрөктүн таш жана заара чыкчу жолундагы таштарды жок кылууга жардам берет.
27. Суук тийгизип алганда мурунга тамчылатуучу каражат катары колдонуу үчүн, кара зирени төмөнкүчө даярдап
алууга болот: адегенде аны тегерете отко кактап бышырып алат да, кайра аны майдалайт, анан ага бир аз май кошуп, мурундун ар бир таноосуна 3-4 жолудан тамчылатат.
28. Кара зирени жылыткыч компресс катары чекеге коюп таңса да болот.
29. Бул өсүмдүктүн көңүлдү тынчтандыруучу касиети бар, нерв
системасына жакшы таасирин тийгизет.
30. Кан айланууну жакшыртып, беттин түсүн оңойт (бул максатта аны таңсаарда ичип туруу зарыл).
31. Кара зире майы тамыр ооруларын, анын ичинен унутчаактыкты жана баш мээнин тамырын дарылоодо күчтүү таасир берет.
32. Бөйрөктөгү жана табарсыктагы ташты майдалап, сыртка бөлүп чыгарат.
33. Бала эмизген аялдын сүтүн толуктайт.
34. Ичтеги мите курттарды сыртка айдап чыгат.
35. Майды денеге сүртсө, сөөлдү кетирет.
36. Сасык тумоону, жөтөлдү, демиккенди, сарыкты, тукумсуздукту
дарылайт. Кара зире майынын булардан башка дагы көптөгөн касиеттери бар.
Кара зирени жана анын майын колдонуу боюнча жалпы сунуштар
Кара зирени колдонуу организмди чыңдоо үчүн өтө пайдалуу. Ошондуктан, анын майын же уругун күн сайын 1 чай кашыктан ичип туруу сунушталат. Кара зиренин майын апельсиндин ширеси же йогурт менен аралаштырып алса, даамы жакшыра түшөт. Аны сырттан компресс кылуу же сүртүү үчүн да колдонуу маанилүү экенин унутпоо керек. Кара зиренин 1 чай кашыгын жарым стакан
суу жана 1 аш кашык бал менен аралаштырып, таңкы тамактанууга 15 мүнөт калганда жана кечки тамактанууга 15 мүнөт калганда ичүү кажет. Колдонор алдында аны жакшылап чайкап алуу зарыл. Балдарга жогоруда айтылгандардын жарымын гана берүү керек. Кээде аны ичкен адамдын өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн. Бул - кадыресе эле көрүнүш, андан чочулабаш керек. Кара зире - иммунитетти көтөрүүчү өсүмдүк болгондуктан, бул учурда организм толугу менен дарыланып бүтө элек ооруларга каршы иш жүргүзө баштайт.
Организмди чыңдоо үчүн, тамактангандан кийин, 1 чай кашык
кара зире колдонууга болот. Бир суткада андан ашык өлчөмдө колдонбоо зарыл. Көптөр ʺкара зиренин уругу баалуубу же майы баалуубуʺ деген суроону беришет. Экөөсү тең пайдалуу, бирок, майынын таасири күчтүүрөөк. Ошондой болсо дагы, кара зиренин
майы кымбатыраак тургандыктан, элдин көбү анын уругун колдонушат.
#8

1. - 883378841035

Комментарии 46

Канышай Мирлан
Канышай Мирлан
Зире деген ашка кошулатко,суроттогу нандын бетине себе турган сеедана го
8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Калбүбү Ташматова
    Калбүбү Ташматова
    бул мейиз го зире эмес
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Абдырахманова  Бууназ
    Абдырахманова Бууназ
    😃
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    v s
    v s
    Кара зире Ошо сейдана болот
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Калбүбү Ташматова
    Калбүбү Ташматова
    зире менен сейдананын айырмасына барасынбы
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Амина Билал
    Амина Билал
    Черный тимн бул .Куран китеп саткан жерлерде сатылат.ирандан чыкканы кучтуу экен. Мен ичип атам жылыш эн сонун.Олумдон башкасына даары .Китебинда сатат кайсы ооруга кандай ичет бут бар.
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    12345
    12345
    Туура бул нанга себилчуу  сейдана, майын чорный тимин деп сатышат, менда ичип кордум жакшы экен, сейдананы зире деп койгону котормрчуларанда башка тилден ошентип котрруп койушуптур
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    12345
    12345
    Озунорделе баамдап анализдеп корсонор болот😙
    8 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Толгонай Нази замужем
    Толгонай Нази замужем
    13-дө, кара зиренин бир орточо башынын ширесин, депсиңер, кара зире бул Сейдана да туурабы? Ал өзү майда болуп жатса анан кандай бир орточо башы мен ушуга Тушунбөдум. Бул айтып өткөндөруңуздун баарынын кантип колдоноорун да жаза кетсеңиз жакшы болмок экен. Кыргызды билесиз да көбүрөөк ичсек сакайып кетчүдөй сезебиз өзүбүздү, кокус бирөө жарым ашыгыраак ичип алса нары жакка кетип да калышы мүмкүн туурабы, ошондуктан даярдоо жолун саатынан бери кошо жазсаңыздар жакшы болмок. Болбосо соонун кеңештер экен как будто ушуну колдонсоң өлбөчуудөй сезилет экен 😊.
    10 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    санталат садыкова
    санталат садыкова
    11 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Лули Аниева
    Sonun
    11 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Абдырайымова
    Элмира Абдырайымова
    ответила Амине
    Жаш балдарга мите куртарды тушурот дептир кайсы убакта ичет ачкарын канча убактан кийин тамак ичилет
    12 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Амина Билал
    Амина Билал
    ответила Элмире
    Тамак ичерге 15 мин калганда кичине кашык менен аркасынан таза бал бир кашык.Эртен менен кечинде эки маал .Балдарга ченеп бербесе жарым кашык кылып кучтуу болот .
    14 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жумабай Атаназаров
    Жумабай Атаназаров
    😋
    7 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Абдырайымова
    Элмира Абдырайымова
    ответила Амине
    Аркасынан суу ичирсе болобу
    8 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Амина Билал
    Амина Билал
    ответила Элмире
    Суу же кампот болот.Мен озум суу эле ичем .
    8 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Абдырайымова
    Элмира Абдырайымова
    Балам аябай арыкда
    8 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Абдырайымова
    Элмира Абдырайымова
    Курту бар окшойт. Кооп жейт болчу азыр негедир апетти жоголду аз жеп калдыго
    8 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Абдырайымова
    Элмира Абдырайымова
    Балам 10жашта кичине кашыкта беремби
    8 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Абдырайымова
    Элмира Абдырайымова
    Эрте м н берсем болобу ачкарын 1маал
    8 мая 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 195
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться