Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

5 ноя 2018

Кир самындын пайдалуу жактары

Кир самындын кир кетиргенден да башка өзгөчөлүктөрү көп. Эгерде ким үй тиричилигинде кир самынды көп пайдаланса, туптуура кылат! Анткени, кир самын табигый жана экологиялык жактан таза материалдардан жасалат да, аллергияга каршы касиетке ээ жана адамдын организмине эч коркунучу жок.
Мына ушул кир самындын кирди кетиргенден тышкары да өтө көп касиеттери бар. Кир самындагы пайыздык сандар эмнени билдирет? 72%, 70%, 65% - бул майлуу кислотанын курамынын пайызы. Андагы сандар канчалык чоң болсо, самындын кир кетирүүчү сапаты ошончолук жогору болот.
Кандай түстөгү кир самын сапаттуу болот? Кир самындын курамы натрий тузунан жана өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган майлуу кислотадан турат. Ага эч кандай боёктор, консерванттар кошулбайт. Бирок, айрым өндүрүүчүлөр жагымдуу жыт берүүчү жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуучу кошулмаларды кошуп салышат. Андыктан, эң жакшы жана пайдалуу кир самын болуп күрөң түстүү самын эсептелинет.
Кир самындын дарылык касиеттери
Мурун бүткөндө. Кир самындын суусу менен мурун бүткөндө аны ачууга болот. Ал үчүн кебезди көбүк сууга малып, аны мурундун тешигине салып мурдуңузду тазалайсыз. Алгач бир аз жагымсыз болгону менен 2-3 процедурадан кийин эле мурдуңуз ачылып кетет.
Ит тиштегенде
Ит тиштеген учурда инфекция кирип кетүү коркунучунан кир самын сактайт. Кан бир аз аккандан кийин (кан менен кошо бактериялар, иттин шилекейи агып кетсин) кир самындын көбүк суусуна чыланган бинтти тиштелген жерге коюп, үстүнөн байлап салуу керек.
Ооз көңдөйү жагымсыз жыттанганда. Мындай учурда самын сууга тиш щёткаңызды салып, түнү менен коюп коюңуз. Эртең менен андагы бактериялар жоголуп калат.
Бут жагымсыз жыттанганда. Күндүн ысыгында грибоктун айынан бут жагымсыз жыттана баштайт. Мындай учурда күн сайын бутту кир самын менен жууп, анан салаалардын арасына, таманга йоддон сүйкөп алуу керек.
Күйүктө. Жалынга же кайнак сууга күйгөндө дененин ошол жерине кир самындан сүртүп, кургатыңыз. Мындан кийин күйүк бат айыгат жана андан так калбайт.
Гинекологиялык ооруларда. Гинекологиялык оорулардын айрым түрлөрүн, мисалы, молочницаны дарылоодо да кир самын натыйжалуу. Жыныстык органды кир самын менен тез-тез жууп туруу бул оорунун батыраак айыгышына өбөлгө түзөт.
Шишикте. Кир самынды сууга салып эзип, ботко түрүндөгү бул аралашманы жаракат алган жерге сүртүп турууда шишиктен жана көктөн арыласыз. Кир самын косметологияда чачты коюулантат.
Эгерде башыңызды кир самын менен жуусаңыз, чачыңыз коюу болот, какачтары жоголот жана сынбай калат. Бирок, мындан тери кургап кетиши мүмкүн. Ага жол бербөө үчүн жуугандан кийин бир аз уксус же лимон ширеси кошулган суу менен чайкап туруңуз. Максатка жетүү үчүн кир самындын кочкул өңдүүсү гана сунушталат.
Бет терисин жакшыртат. Жумасына бир жолу кир самын менен бетиңизди жууп турууну сунуш кылышат адистер. Мындай жуунуудан кийин бетиңизге балдар креминен коюп алууну унутпаңыз. Терини жагымдуу көрсөтүүдө мындай ыкма кымбат баалуу косметикалык каражаттарга караганда натыйжалуу дешет.
Терини жашартат. Мончого барганда кир самындын суусуна малынган кайың шыпыргысы менен денени чапкылоодо тери тазаланып, жашарат.
Безеткиден арылтат. Кир самынды идиштеги сууга салып жакшылап көбүгүн чыгарасыз. Ушул көбүктөн 1 чоң кашыкты алып, 1 чай кашык туз менен аралаштырасыз. Бул аралашманы таза жуулган бетиңизге сүртөсүз. Эскерте кетүүчү нерсе, бетиңиз аябай ачышат. Бирок, дал ушул ачышканы – дарылоо процессинин жүрүп жатканы. Масканы жарым саат кармоо зарыл. Мындан кийин бетиңизде кургак туз гана калат. Тузду сїртїп салып, бетиңизди муздак суу менен жууйсуз. Мындай дарылоону күнүнө 2-3 жолудан 2-3 жума жүргүзүү зарыл. Жарылган согончокту айыктырат

Кир самындын пайдалуу жактары - 876945823691
#кenesh

Комментарии 22

❤Эля Кубанычбековна❤
❤Эля Кубанычбековна❤
👍
5 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кумушай Жолдубаева
    Кумушай Жолдубаева
    👍👍👍
    5 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бермет Шаршеевна
    Бермет Шаршеевна
    👌👍👍👍
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Атабек Гулмира
    Атабек Гулмира
    👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ❤️❤️ ❤️❤️❤️
    👍
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нургул Замужем
    Нургул Замужем
    😊
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамалкан Саадабаева
    Жамалкан Саадабаева
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Роза Абдиева
    Роза Абдиева
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сайкал сайкал
    Сайкал сайкал
    👍
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Таттыгул Абидинова
    Таттыгул Абидинова
    👍👍👍
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    нурхан кошбакова
    нурхан кошбакова
    Рахмат кир самын мн алюмин идиштерди жууса ото тез агарат и жалтырап калат
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айбарчын  Жамалдин кызы
    Айбарчын Жамалдин кызы
    👍👍👍
    6 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кербен KG
    Фото
    7 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌿🌹 🌿
    👍👍
    8 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Камила Абдурахманова
    Камила Абдурахманова
    Да
    9 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
      Нурзада Карагозуева
    Нурзада Карагозуева
    👍
    9 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Орозгуль Дадабаевна
    Орозгуль Дадабаевна
    ⭐️⭐️
    13 ноя 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Асель Асема Т
    Асель Асема Т
    Фото
    31 янв 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А У Р
    💪
    11 июн 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А У Р
    ❤️
    16 фев 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 195
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться