Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

26 окт 2018

Пайдалуу кеңеш: Көк жөтөлгө кабылдыңызбы, анда сарымсак жардамга келет

Сарымсак – даамы ачуу, табияты ысык болот. Ал жел туруп калса, аны чыгарууда, уулангандарды кайтарууда, ар кандай микробдорду жок кылууда, ич өтүп калса, аны токтотууда, заарасы чыкпай калса, аны өз ордуна келтирүүдө, кан токтобосо, аны токтотууда жана башка көптөгөн учурларда жардамга келет.
Элдик табыптарда, буту-колдо пайда болгон темир-өткүлөргө адамдын жыныстык каналдарында пайда болгон курттарга, кыш, жаз айларында келүүчү жугуштуу тумоолорго, жай айларындагы ич өткөндөргө, ич ооругандарга сарымсакты жеп турса, бул пайдалуу. Бирок сарымсакты арбын жесе, ал көздүн көрүү күчүн төмөндөтүшү мүмкүн, адамдын денесин албыртып, ысытып жиберүүсү да ыктымал.
Сарымсак жеген адамдын тиштеринин арасында, оозунда жыт калат, аны кургак чайды чайнап, же болбосо демделген чайдан ичип, чайкап койсо, анда анын жыты кетип калат.
Көк жөтөлгө дуушар болгондор көк сарымсактын бир эле башын майдалап туурап, аны кайнаган муздак сууга шекер кошуп эки суткадан кийин бир ашкашык күнүнө үч жолу жылуу чай менен бирге бир нече күн ичсе көк жөтөлдөн кутулат.
Ашказанга суук тийген учурда, эки баш сарымсакты сууга бышырып, аны балга аралаштырып суу менен бир нече күн ичсе бул да пайдалуу.
Ал эми сиздин, урматтуу окурман, өз тажрыйбаңызда колдонгон таасирдүү ыкмаларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз жана оорубай жүрүңүз!
#27

Пайдалуу кеңеш: Көк жөтөлгө кабылдыңызбы, анда сарымсак жардамга келет  - 876535379147

Комментарии 6

раяна меерим Арзимаматова
раяна меерим Арзимаматова
Канчага канча кошот билбейсинерби
27 окт 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ❤️❤️ ❤️❤️❤️
    👍
    27 окт 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Эля Дамин
    Эля Дамин
    Сасык тумоо болгондо да жардам берет.тишти бекем кылат.ичинде курту барларга да пайдалуу .тээриге да пайдасы бар .
    27 окт 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    аа дж
    Салам админ сиздерге абдан ыразымын абдан соонун кенештерди бересиздер.
    27 окт 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Т Тайгашкаева
    Т Тайгашкаева
    Саламатсыздарбы!
    Сарымсактын дагы бир пайдасы,чач остуруудо да колдонсо болот,бир тишчесин экиге болуп,баштын баардык жерине суртуш керек,чачтын тубуно.10-15мин кийин жууп коёсуздар
    28 окт 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Т Тайгашкаева
    Т Тайгашкаева
    Саламатсыздарбы!
    Сарымсактын дагы бир пайдасы,чач остуруудо да колдонсо болот,бир тишчесин экиге болуп,баштын баардык жерине суртуш керек,чачтын тубуно.10-15мин кийин жууп коёсуздар
    28 окт 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 196
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться