Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

23 июл 2018

ЭГЕР ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНАН, ЖЕ ИНСУЛЬТТАН КОРКСОҢУЗ, БУЛ СУУСУНДУКТУ ЭЧ КАЧАН ИЧПЕҢИЗ!

Бул кайсы суусундук экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Өзгөчө жаштар акыркы күндөрү көп колдонушуп келет. Эми бул эмне суусундук?
Бул, канды коюлтчу, курамында кофеин көп болгон, жүрөккө күч келтирүү менен инсульт жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылган – энергетик суусундуктар.
Бул суусундуктун таасири карыларга эле эмес, жаштарга да күчтүү тиет.
Энергетиктер Дания, Норвегия жана Уругвайда тыйуу салынса, Францияда 1996-2008 жылдары тыйууда болгон. Кувейтте, 2 адамдын өмүрүн алган окуя катталгандан кийин (бири 21, экинчиси 16 жашта), 16 жаштан кичүүлөргө сатууга тыйуу салынган.
Энергетик кимге ичкенге болбойт?
Биринчиден, кандай гана болбосун, кичинекей балдарга бергенге, экинчиден энергетиктерди төмөнкү адамдар ичкенге болбойт:
- Эмизген жана кош бойлуу аялдарга;
- Кофеинге сезимталдарга;
- Стресс болгондорго;
- Өнөкөт чарчоо синдрому менен ооругандар;
- Жогорку кан басымда;
- Жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккандар;
- Канынын уюмалыгы бузулгандарга.
Энергетик + алкоголь = өлүм
Алакоголь менен энергетикти аралаштыруу менен, сиз депрессант менен стимуляторду бириктиресиз.
Мындай айкалыштыруунун эффекти ушуга чейин изилдене элек, бирок депрессан менен стимуляторго чыланган организм, жүрөктүн жетишсиздигине алып келет. Кээ бирлерди, мындай коктейл өлүмгө чейин алып барат.
Бир нече өлүм катталгандан кийин, Дания менен Франция алкоголь камтыган энергетиктерди сатууга тыйуу салган.
Энергияңызды энергетиксиз көтөрүңүз
Эгер бат сергектенип, энергиянын кубатын алгыңыз келсе, синтетикалык энергетикалык ичимдиктерге караганда, табигый ыкмаларды колдонуңуз. Чарчоо – адамдын табигый абалы эмес. Көбүнчө ал жаман адаттардын жана жашоонун туура эмес образынын айынан келет.
Чарчоо чакырчу башкы факторлор:
- Туура эмес тамактануу;
- Сапатсыз тамактануу;
- Тер эмоциялар;
- Стресстик ситуациялар;
- Уйкунун жетишсиздиги;
- Физикалык кыймылдын жетишсиздиги.
Энергиянын деңгээлин көтөрүү үчүн, бул кеңештерге көңүл буруңуз:
- Организм канча талап кылса, ошончо тамактаныңыз;
- Омега-3 май кислотасы камтыган азыктарды колдонуңуз;
- Шекер жана ун азыктарынан баш тартыңыз;
- Негативдик эмоциялардан, стресстен кутулуучу көнүгүулөрдү жасаңыз;
- Уйкуну кандырыңыз;
- Дайым физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруңуз
#25

ЭГЕР ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНАН, ЖЕ ИНСУЛЬТТАН КОРКСОҢУЗ, БУЛ СУУСУНДУКТУ ЭЧ КАЧАН ИЧПЕҢИЗ! - 872957436107

Комментарии 18

Алиман  Камбарова
Алиман Камбарова
👍👍👍
23 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ❤💓Аллаху 💖💞 💔💟Акбар💞💓
    ❤💓Аллаху 💖💞 💔💟Акбар💞💓
    Ошондо бул кайсы суусундук.?
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпара Сыдыкбекова
    Жыпара Сыдыкбекова
    ???
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌙🌙🌙 🌙🌙🌙🌙
    🌙🌙🌙 🌙🌙🌙🌙
    Ошондо кайсы суусундукту ичпоо кк ачыгын дурустап жазсанар эч текеге тушунгон жокмун суусундуктун аты не озу тергеп алдынарго
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Алтынай Култаева
    Алтынай Култаева
    Мамлекет,чиновниктер да кам корсо болмок тыюу салып чек коюп.Азыр мектеп окуучулары ичип атышпайбы келечек кандай болот
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулшан Анарбаева
    Гулшан Анарбаева
    флеш болсо керек
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кызжибек Исакова
    Кызжибек Исакова
    ответила 🌙🌙🌙
    Flash,Tornado,RedBull,burn,Adrenaline.Бизде кеңири тараганы flash болсо керек.
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Назира Арыкбаева
    Назира Арыкбаева
    Кандай суусумдук айтып койгулада
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    уулжан Абдуллаева
    уулжан Абдуллаева
    Флеш ал кант диябетинеда чалдыктырат
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Коля Чита
    Коля Чита
    ответил ❤💓Аллаху 💖💞
    Red bull
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
    ответила Anara
    ^o) ^o) ^o) ^o)
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аigerim Uzenova (замужем)
    Аigerim Uzenova (замужем)
    аты жазылбагангоо  суусундуктун  кобунчо  газировка  болущу  мумкун
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Каныкей Айдарова
    Каныкей Айдарова
    Флеш
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кк Ук
    Флеш энергетик дегенде тушунуш керек го
    24 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Курамында кафеин болсо деп жатпайбы, состав деген жазуусун окуп коруп ичесинер да
    25 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ----- -----
    ----- -----
    Энергетик суусундуктун баары зыян
    25 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элиза Тыныбекова
    Элиза Тыныбекова
    кола болсо керек
    25 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кызжибек Исакова
    Кызжибек Исакова
    Фото
    28 июл 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 199
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться