Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

19 мар 2018

АЙЛАНАҢДАГЫ АДАМДАРДЫ КЫЖЫРЛАНТКАН ЖОСУНСУЗ 11 АДАТ

Баарыбыздын эле зыяны жок, бирок башкаларды кыжырланта турган адаттарыбыз бар экенин мойнубузга алыш керек.
Биз аны өзүбүз көп байкай бербейбиз, бирок кээде жаныңдагы нерви жука адамдар титиреп кетет.
тез арада арылууга аракет кылчу 11 жосунсуз адатты тизмектеди.
1. Душтагы чачтар
Жалгыз жашаган күндө, буга көңүл деле бурбашың мүмкүн. Эгер жалгыз жашабасаң, анда дайым артыңан жыйнай жүр – сени менен жашаган адамга, сенин чачыңа чалынып сууга жуунган жагаары күмөн.
2. Коомдук жайларда тамактануу
Аромат – бул чекеси эле. Мейли, кичине колбаса менен нандын сыныгы болсун, бирок 10 адам иштеген офисте эмес. Маршруткадагы беляшты айтпай эле коёлу.
3. Телефон менен сүйлөшүү
Кээде ашыкча болуп кетет. Туура, кээде шашылыш жооп бериш керек, бирок досуң менен жарым саат эмне кылганыңды айтып эмес. Өзгөчө дүкөндө кассага кезекте турганда, же маршруткада бара жатканда, тегерегиңдеги 20дай адам сени тыңшап, жинденип турганда.
4. СМС
Суроо менен илеп белгисин, смайликти көп колдонгондо, окуган киши чын эле кыжырланат. Же калппы???!!! Мындай!!! Кылып!!! Кереги!!! Жок!!!%)))))
5. Кечигүү
Өзүңдү чындап эле сени күткөн адамга караганда ишиң көп сезесиңби? Сени жарым сааттан бери күтүп жатса, үйүңдөн чыга элексиң. Башканын убактысын сыйла.
Кечикпей жүрүү – жакшы сапат, аны өркүндөт!
6. Селфи
Ооба, селфи, обу жок селфи – жаман адат, чындап эле досторуңду кыжырлантат. Жөн гана сага айтпайт. 1-2 жумада бир селфи кылып койсоң болот, бирок күндө эмес.
7. Диета жөнүндө сөздөр
Эгер сен диетада отурсаң – ал жөнүндө дайым эле айта берүү туура эмес. Чынында сенин диетаң менен эч кимдин деле иши болбойт. Эң башкысы, башкаларга тыңсынып, диетаңды таңуулаба.
8. Мына келип калдым
Эгер кечигип жатсаң, бир сааттан кийин бараарың белгилүү болсо, эч качан: “Мына чуркап баратам”, “Беш мүнөттөн кийин болом”, “Учуп баратам” деп айтпа. Бул жаман адат.
9. Сөөктөрдү кырсылдатуу
Көбү, манжаларын, моюнун же башка муундарын кырсылдатып атканын өздөрү байкабай калышат. Бул үн башкаларга жакпасы белгилүү эле.
10. Менин жашым өтүп кетти
Өзгөчө, 22 жашта болуп туруп, өзүңөн 10 жаш улуу адамга жашым өтүп баратат деп айтсаң...
11. Ооба, угуп атам
Сүйлөшүп жаткан учурда телефонуңду чукулай берсең, анан дагы: “Угуп атам, айта бер” – деп турсаң, ишенип кой, накта ошондо жан кашаят anan.kg

АЙЛАНАҢДАГЫ АДАМДАРДЫ КЫЖЫРЛАНТКАН ЖОСУНСУЗ 11 АДАТ - 867408214987

Комментарии 6

Айдана а-а-а-а-а
Айдана а-а-а-а-а
ээ мен куттуром анан мына чыктым деп  же жакыныраак жерди айтып коем. бирок, али даяр боло элекмин. Кийин  колдорумду кырсылдата берем. Эн жаман адаттарым. Калганы норм экен
19 мар 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Астра Озубековна
    Астра Озубековна
    Ушу жазылгандардын баары мени кыжырлантат. Булар мендеги жок сапаттар
    19 мар 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулзада Мурзаева
    Гулзада Мурзаева
    Бардыгы окуп бул адаттарды таштаганга аракеттенет
    19 мар 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Munapbek balam
    Munapbek balam
    Ушул теманы жакшы эле чыгарыптыр😊билбегендер билип алышат
    21 мар 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    жумагул шекеева
    жумагул шекеева
    Озун сыйлаган адам,озгону да сыйлайт деп ойлойм.
    22 мар 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жанадилова Элзира
    Жанадилова Элзира
    Жок экен менде
    23 мар 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 163
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться