Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

30 янв 2018

КҮРҮЧТҮН СУУСУ СУЛУУЛУГУӉУЗДУ АРТТЫРАТ

Кымбат баалуу косметика колдонуп, бирок натыйжасын көрө албай жүрөсүзбү? Анда сиз табигый азыктарды пайдаланып көрүӊүз. Азия өлкөлөрүндө кеӊири колдонулуп келген күрүчтүн суусу менен бетти агартып, чачтын сапатын жакшыртып, ал тургай арыктай да аласыз.
ЧАЧ ҮЧҮН
Күрүчтүн суусунда С, Д, Е витаминдери чачтын түбүн азыктандырып, көркүнө көрк кошот. Өӊү жылтырап, сапаты жакшырып, чач тез өсө баштаганын байкайсыз.
Колдонуу
Бир чыны күрүчтү сууга жууӊуз. Күрүчтүн суусу тунук болуп калганда жууганды токтотуп, 2 чыны сууга 15 мүнөт чылап коюу керек. Андан кийин күрүчтүн суусун башка идишке куюп алып, үстүн жаап, караӊгы бөлмөгө 2 күн коюп койсоӊуз болот. Эки күндөн кийин карасаӊыз суу бир аз коюу тартып калат. Сууну чачтын түптөрүнө сүйкөп, 15-20 мүнөттөй жуубай туруу керек. Андан кийин чачты шампунь колдонбой, жөн гана жылуу сууга чайкап коюӊуз.
БЕТ ҮЧҮН
Бет кургап, серпилгичтиги жоголуп бара жатканда бул ыкма сизге жардамга келет. Күрүчтүн суусунун курамындагы минералдар жүзүӊүздү серпилгич кылып, тазартып, жумшак кылып коё турган сапатка ээ.
Колдонуу
Сыр идишке бир чыны күрүчтү салып жууп, үстүн көмө суу куюп, 15 мүнөт чылап коюӊуз. Бул учурда витаминдер жана минералдар сууга чыгат. Сууну күрүчтөн бөлүп куюп алып, жүзүӊүздү ал суу менен жууп, 1 мүнөт жеӊил массаж кылып сиӊирип, андан кийин жылуу суу менен чайкап салыӊыз. Ашып калган сууну муздаткычка салып, 5 күн аралыгында колдонсоӊуз болот.
БЕЗЕТКИГЕ КАРШЫ
Безеткиге каршы япондор колдонгон күрүчтүн ачыган суусун колдонуп көрүӊүз.
Колдонуу
Күрүчтүн суусун ачытуу жолу менен да пайдаланса болот. Күрүчтү таза жууп, көмдүрө суудан куюп отко коёбуз. Кайнап баштаганда суусун бөлүп алып бир күнгө тыныктырып коюу керек. Ачып келе жатканда 5 мүнөт катуу кайнатып, суутуп, аны менен бетти дайыма жууп туруу зарыл.
ИЧ ӨТКӨК ҮЧҮН
Күрүчтүн суусу ич өткөк оорусунун ал дын алат. Дарыканадагы тизилген дарылардан көрө күрүчтүн суусу кичине балабы, чоӊбу, ичи өтүп жатканда жардамга келет.
Колдонуу
Бир жарым литр сууга жуулган эки-үч аш кашык күрүчтү салып, жай отто кайнатуу керек. 40 мүнөттөн кийин муздатып, дакиден өткөрүп алыӊыз. Даяр болгон сууну жарым стакандан 2-3 саатта бир ичип туруӊуз. Суу ичегилердин иштешине жардам берип, тез эле ич өткөктү басат. Кичине балдарга 2-3 аш кашыктан берүү зарыл.
АРЫКТОО ҮЧҮН
Ашыкча салмак сизди кыжалат кылып жаткан болсо, күрүчтүн суусу жардамга келет. Бул ыкма ашыкча салмактан гана арылтпай, кошумча энергия да кошот.
Колдонуу
1 чыны күрүчтү жууп, үстүнө 3-4 чыны суу куюп 2-3 саатка жай отко коюу керек. Даяр болгондо сууну оттон чыгарып, суугандан кийин дакиден өткөрүп алыӊыз. Сууну күнүгө эртеӊ мененки тамактын ордуна 1 стакандан ичишиӊиз керек (бир апта ичип көрүӊүз, саламаттыгыӊыз жакшы болсо узартсаӊыз болот). Эгер суунун даамы жок болуп жатса бир аз туз кошуп коюу оӊ. https://ok.ru/min.kenesh #guru super.kg

КҮРҮЧТҮН СУУСУ СУЛУУЛУГУӉУЗДУ АРТТЫРАТ - 865298890187

Комментарии 49

"Лилия"
"Лилия"
Эн сонун кенеш чон рахмат
31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Корейский Косметика Гульчо
    Корейский Косметика Гульчо
    Чоон рахмат мен теманы 2 жыл мурун интернетен окуудум эле
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Muslimka Muslimka
    Kuru4tun birin4ile suusun betke syipaibyzvy je  birin4isin togup anan ekin4isinbi birin4isi kir bolso4u
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулмира Момунова
    Гулмира Момунова
    ответила А
    Туура магада жакты
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулмира Момунова
    Гулмира Момунова
    ответила Сейдане
    чынелеби башка тамакда жей берсе болобу 😜
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулмира Момунова
    Гулмира Момунова
    ответила Ююю
    😀😀мен да баштайм буйруса жыйынтыгын да жазалы
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ююю Яяяя
    Ююю Яяяя
    Ок
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулкайь)р Sulaimanova
    Гулкайь)р Sulaimanova
    ответила Сейдане
    Толук маплыматты айтып кетинчи кантип колдонушту, мен бала эмизем     балага терс таасири жокпу
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Sam tynalieva(замужем)
    👍👍👍👍
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ЖЫЛДЫЗ Мадиарова
    ЖЫЛДЫЗ Мадиарова
    👍👍👍
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ❤️ 🖤
    👍👍
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Saky Berdibekova
    Saky Berdibekova
    👍👍👍
    31 янв 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бурмаш💑👸 (замужем)
    Бурмаш💑👸 (замужем)
    😳😳😳😳👍👍
    1 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    мырзайым капар
    мырзайым капар
    👍👍👍👍👍👍👍
    1 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мамазаирова Назг
    Мамазаирова Назг
    ответила Нуркожоевой
    👍👍👍
    1 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сейдана аааааа
    Сейдана аааааа
    ответила Гулкайь)р
    Тушко чейин жалан гана кайнатылган гуручту ичиш керек экен туз кошулбаган айран кошсон оболот эгер кааласан анан обедден кийин женил тамактар менен тамактана бересин ишириндикти камырды жегенге болбойт эжеме бир тамыр камаган таап ушундай диета кыл деген элежыйынтыгы жакшы  балана келсек сутун азаятда кундун жарымыначейин ачка журуу бала эмизген аялга оной эмес
    4 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулкайь)р Sulaimanova
    Гулкайь)р Sulaimanova
    ответила Сейдане
    Рахмат👍👍
    4 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Наима Наима
    Наима Наима
    куручтун суусу менен бетти кунуго жууш керекпи же беш кундо бирби
    5 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Замира Замира
    Замира Замира
    👍👍👏
    5 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌼🌼🌼🌼 🍀🍀🍀🍀
    🌼🌼🌼🌼 🍀🍀🍀🍀
    ответила Сейдане
    Кандайсыз.Гуручтун суусун куюп алып 3 4 кунгоче ичсе боло бэреви или кунуно жанысынан ичиш керекпи?
    15 сен 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 204
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться