Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

8 сен 2020

АСПИРИНДИ ТИРИЧИЛИКТЕ КОЛДОНУУЧУ ДАГЫ ЫКМАЛАРЫН БИЛЕСИЗБИ?

Ацетилсалицил кислотасы, же аспирин, XIX кылымдын акырында ойлонуп табылып, медицинада ооруну басуучу, тапты түшүрүүчү жана сезгенүүгө каршы каражат катары колдонуп келет. Өткөн кылымда сасык тумоону айыктыруучу каражат катары кенен колдонулуп келсе, бүгүнкү күндө аны сактык менен кабыл алып келишет: көптөгөн кыйыр көрсөткүчтөрү бар деп саналат. Бирок, тиричиликте аны колдонуудан баш тартып кереги жок, аны адамдын жашоосундагы көптөгөн багыттарда колдонсо болот.
Салттуу эмес медицинада
Курт-кумурска чакканда, мисалы аары же чиркей, кызаргын жерди нымдап туруп таблетка менен сүртүү керек, же таблетканы эзип шыбап коюу керек. Бир нече мүнөттөн кийин кычышуу менен кызаруусу кетет, ал эми оорусу азаят.
Үй тиричиликте
Тиричиликте аспирин эң керектүү нерсе. Анын жардамы менен кийимдеги тер менен кандын тактарынан арылса болот. 100 миллилитр сууга эки таблетканы эзип, кийимдин көйгөйлүү жерин үч саатка чылап коюңуз. Анан кийимди кадимкидей эле жууп салыңыз.
Раковинадагы тыгынды тазалоо үчүн аспириндин шуулдак (шипучий) таблеткасын тешигине салып, уксус кошуп коюңуз. Бир нече мүнөттөн кийин вантус менен сордуруп салыңыз.
Косметологияда
Аспирин безеткиге каршы жакшы каражат. Майлуу теринин ээлери таблетканы бир аз сууга эзип, анан бетке сүйкөсө болот. Бул каражат химиялык пиллинг сыяктуу таасир берип, безетки менен кара тактардан арылтып, сезгенүүнү жоготот, терини агартып жана бырыштарды кетирип, жылмакай кылат.
Аспиринди маска катары колдонсо дагы болот, таблетканы эзип бал же каймак менен аралаштырып, жакшы эффектке жетүү үчүн жумасына эки жолу бетке шыбап турса болот. 5-10 мүнөт кармап, акырын массаж кылып анан жууп салуу керек.
Аспирин пастасынын жардамы менен буттагы чорду кетирсе дагы болот. Бир нече таблетканы порошок болгончо майдалап, жарым чай кашык лимон согуна эзип, тамылатып суу кошуу керек. Даяр пастаны көйгөйлүү жерге шыбап, кагаз салфетка же целлофан менен ороп коюңуз. 5-10 мүнөттөн кийин чорлор жумшарып калат жана аларды көбүк таштын (пемза) жардамы менен кырып салыңыз.
Чач үчүн
Какачтан кутулуу үчүн бир нече таблетканы майдалап шампунга аралаштырып жууңуз. Бир нече мүнөт кармагандан кийин жууп салып, кайра дагы бир жолу таза шампунь менен жууп коюңуз.
Бул дары боёлгон чачты калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Өзгөчө хлорлонгон суусу бар бассейнден кийин актуалдуу. Чачты сактоо максатында жана анын өңүн каныккан көрүнүүсү үчүн, аспириндин 6 таблеткасын бир стакан сууга ээритип, анан бул эритме менен чачыңызды сүртүңүз. 15 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп коюңуз.
Аспирин кислота болуп саналат, ошондуктан чачты ашыкча майлуулуктан арылтат жана жалтырактыкты калыбына келтирип, жибектей кылат. Бирок эсиңизде болсун, каражатты майлуу, бат кирдеген чачка гана колдонуш керек. Ичке жана кургак чачтардын ээлери колдонбогону туура: ацетилсалицил кислотасы баштын терисин ого бетер кургатып, көйгөйдү көбөйтүп жиберет.
Бакчада
Баары эле билсе керек, эгер гүл турган сууга бир таблеика аспирин салып койсо, гүл көпкө чейин жакшы калыпта кармалат. Бирок, бул дарынын жардамы менен өсүмдүктөрдүн оорулары жана курт-кумурска менен алышса болоорун көпчүлүк билбейт. Ал үчүн 5 литр сууга 1 таблетка аспиринди эзип алып, өсүмдүктөрдү сугарыш керек.
Дагы бир пайдасы, бул дарынын жардамы менен кислотасы төмөн түшүп кеткен топуракты дарыласа болот. Ал үчүн бир таблетканы бир литр сууга эзип алып, оорулуу топуракты сугарыш керек.
Техникада
Аспириндин жардамы менен бир аз убакытка отуруп калган автомобилдин аккумуляторун заряддап алса болот. Аккумулятордун ар бир көзөнөгүнө экиден таблетка салып койсо, аспирин электролит менен реакция болуп, аккумуляторду кыска убакка жарамдуу кылат. Ал энергиянын машинаны бир жолу от алдырганга алы жетет
#dary

АСПИРИНДИ ТИРИЧИЛИКТЕ КОЛДОНУУЧУ ДАГЫ ЫКМАЛАРЫН БИЛЕСИЗБИ? - 904105577419

Комментарии 15

малика Сайдимаматовна
малика Сайдимаматовна
👏👍
8 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌺🌺🌺🌺🌺 🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺
    🌺🌺🌺🌺🌺 🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺
    👍
    9 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жанылай Сапарова
    Жанылай Сапарова
    😳
    9 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жанылай Сапарова
    Жанылай Сапарова
    😳
    9 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Буудана Абдухаирова
    Буудана Абдухаирова
    ❤️
    9 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А К
    А К
    😍
    9 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    gylgamal Замужем
    gylgamal Замужем
    😍
    9 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чынара Токтогулова
    Чынара Токтогулова
    👍
    10 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ККК К
    ККК К
    🎁
    10 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Майрам Мукашева
    Майрам Мукашева
    👍👍👍👍
    10 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Каухар Каухар
    Каухар Каухар
    😍
    10 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кулуева Гулина ((Замужем))❤️❤️❤️❤️
    Кулуева Гулина ((Замужем))❤️❤️❤️❤️
    👍👍👍
    11 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Adina Adina
    Adina Adina
    Аспирин таблеткасы менен сактанма дагы болобу Ким билет
    12 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Венера болокбаеаа
    Венера болокбаеаа
    😍
    14 сен 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Токтохан Баймуратова
    Токтохан Баймуратова
    👍👍🏽👍🏽👍🏽👍🏽
    12 июн 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 202
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться