Ар дайым кабагы ачык жаркылдап тосуп алган, өз ишинин мыктысы Миргүл айымды апасы тууралуу маекке тарттык...
- Миргүл айым, ар бир адамдын жүрөгүндө өз кичи мекенинин сүрөтү жашайт эмеспи. Маегибизди сиз өскөн жер, адамдыктын пайдубалы түптөлгөн балалыктын карегинде калган кайталангыс, бактылуу күндөрдөн баштасак..
- Мен бийик тоолордун кызымын. Балалыгым Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаарчасында өттү. Үйүбүздүн так үстүндө ташы кызыл бийик тоолор болор эле. Кызыл таш деп койчубуз. Балалык десеңиз, ошол бийик тоолордо үнүбүз жаңыра кыйкырып ойногонум эсиме келет. Айыл элинин турмушу баарына маалым: эгин эгип, түшүм жыйнаган талаачылык, мал-жандык карамай. Биздин үй-бүлө да чакан мал кармап, эгин экчү. Малды айдоо кезеги келгенде баягы кызыл тоону ашыра айдап жөнөп кетчүмүн. Апамды сүйүнтөм деп тоонун майда сыя гүлдөрүн, ага кошо кийик от чөбүн терип келчүмүн. Апам кийик отту кошуп, жыты буркураган чай демдеп берер эле.
- Эненин ак сүтүн актоо кыйын. Ошентсе да, апаңызды ыраазы кылуу үчүн эмнени адатка айланткансыз?
- Апамдын көзү өтүп кеткенине 10 жыл болду. Он баланы төрөп, чоңойтуп, эми үзүрүн көрө берерде о дүйнө кете берди. Көзү өткөндөн кийин гана “апама эмне жасап бере алдым?” деген суроо жүрөктү катуу өйүйт тура. Апам башкача сулуу, анан акылман аял болчу. Биздин билимдүү болушубузду талап кылып, атам экөө үй-бүлөлүк бюджеттин басымдуу бөлүгүн ошол үчүн жумшашты. Атам олуттуу, бизди катуу кармаса, апам эркин койгонду жактырчу. “Өзүңдү сүй, кадырла”, “Тыкан, күчтүү бол” деген талабы мага ураан болуп калды. Эненин ак сүтүн актоо мүмкүн эмес. Бирок апамдын таберигин карманып жашап жатканым көңүлгө топук. Изденип, билимдин артынан түшүп келе жатам. Билимимди иш жүзүндө колдонуп, коомго тамчыдай болсо да салым кошууга далалат кылып келем. Анткени апам биздин эл адамы болуп, жоопкерчилик алуудан коркпогонубузду каалачу.
- Эмнени унута албайсыз...
- Апам ооруп, ооруканада жүргөн күндөрүбүздү унутуш кыйын. Рак диагнозу коюлганын өзүнө айткан жокпуз. Шыпаа издеп көп аракет кылдык. Бирок кеч болуп калган экен. Ошол кездеги апамдын муңайыңкы, жашоого тойбогон көздөрүн эстесем азыр да заманам куурулуп кетет…
- Эне ички тон, аны жоготуу бала үчүн жашоонун маңызы жоголгонго тете дешет...
- Энесиз калганыңды анын муздак денесин кармаганда бир сезсең, андан кийин өмүрүңдүн ар бир күнүндө апаңдын орду бош экендиги улам катуу сезиле берет экен... Жоктоо кандай оор...Ал боштукту эч нерсе менен толтура албагандай. Апам каза болгондон кийин жашоодо күчтүү болуп чыга келдим. Көрсө, көңүлдөгү өксүктү жашыруу үчүн адам баласы күчтүү болууга аракет кылат тура.
- Кайсы тамагын сагынасыз?..
- Апам электр мешине боор куурдакты абдан даамдуу бышырчу. Уйдун боорун жегенди жактыра бербешимди билип, ич майга ороп, помидор анан атайын соус кошуп койчу. Даамы өзгөчө тамакка айланып калчу. Ал эми мантыны очокко, чоң казанга бышырар эле. Апам жапкан пияз менен сары май кошулган тандыр нандын жыты, даамы дале эсимде. Жүгөрүнү чокко бышырып берем десе жанынан кетпей күтүп отурчумун. Бышканда аны кайра кабыгына ороп, футболкеме салып койчу. Анткени чокко жаңы бышкандыктан ысык да. Анын ысык табын ичиме басып, ойногону чуркап кетчүмүн.
- Тирүү болгондо, тизе бүгө таазим кылып апаңызга кандай сөздөрдү арнайт элеңиз?
- Ар бир адамдын жеке тарыхында кыйналган күндөр болору анык. Менин да башымдан жеңил эмес күндөр өттү. Балким, апам тирүү болгондо ошончолук кыйналбас белем деп ойлонуп калам. Апама азыр: “Кандай кыйынчылыкка кабылбайын, сиз тирүү болсоңуз анын бири да мага оор эмес”, - дейт элем. Апам намаздан кийин көпкө отуруп бата кылчу. “10 баламдын ар бирине өзүнчө тилек кылып чыгам” - дечү. Сиздин батаңыздын арты менен ийгиликтерге жетишип жатам деп айтмакмын. Сиздей акылман эненин кызы экениме сыймыктанам, сиз күткөндөй адам болууга аракет кыла берем демекмин.
- Сагынганда көз алдыңызга кандай көз ирмемдер тартылат?
- Апам жеткен уз, чебер болчу. Бир жолу мектепке баарыбызга окшош кофта-юбка тигип бермек болду. Юбканы бычып, майда кырлуу кылып бүктөп, кийизге тигип чыкты. Майда кырлары бекемделсин деп үстүнөн үтүктөдү. Окуу башталарына аз калып баратат, а бирок апам ар бирибизге тигип жетишпей жатты. 1-сентябрга үч күн калганда апам түнү менен уктабай, ордунан турбай тикти. Биз карма деген жерин кармап гана жардам бере алдык. Эртең мектепке барабыз деген түнү тигип бүтүрдү. Аппак жибектен (шёлк) кофта, кара жибектен юбка кийип үч эже-сиңди ээрчишип, мектепке барганбыз. “Муну кайсы дүкөндөн алдыңар?” деп көпчүлүк суктанганы эсимде. Апакем чырайы да, кеменгерлиги да төп келген мыкты инсан эле. Сөзгө чечен болчу, куюлуштуруп сүйлөчү. Ыр жазчу. Үнү уккулуктуу болчу, абдан жакшы ырдачу. Гүл эккенди жакшы көрчү. Апам тиккен түркүн гүлдөр азыркыга чейин тамырлап, корообузга көрк берип турат. Өзү да, колу да гүл болчу. Өз кийимдерин өзү каалагандай тигип кийип алчу. Азыр үйдөгү ар бир бурчта апам тиккен буюмдар илинүү. Апамдын карек издери ошол буюмдарда калгандай, бизди күзөтүп тургандай сезилет. Кийинчерээк студент болуп, айылдан шаарга аттандым. Ал кезде олку-солку заман эмес беле. Апам ич кийимиме чакан чөнтөк тикти да акчамды ошол жакка салып берди. Сыягы, акчамды уурдатып же жоготуп аларымдан коркту окшойт. Ошону айтып кийин көпкө күлүп жүрдүк.
- Медицинада энеден балага 70 пайыз берилет деп айтылат. Апаңызга окшоштугунуз барбы?
- Апамдай аял болуу кыйын. Апамды жазбай тарттым дей албайм. Бирок апакемдин кайраттуулугу, эрки бекемдик мүнөзү менде бар экенине сүйүнөм. Ошол тарабым окшош. Анткени апам барды да, жокту да бирдей көтөрө билген аял эле. Күчтүү болчу. Артымды карап, басып өткөн жолума саресеп салып, мен да күчтүүмүн, апамды тарткам да деп калмайым бар.
- Жүрөктөн чыккан сөздөрүңүз менен энелерге болгон сүйүүңүздү билдирип сөзүбүздү жыйынтыктасак...
- Азыр өзүм энемин. Апамдын кадырын, бизге, балдарына жасаган эмгегин жон терим менен сезип жаткан учурум. Айтарым, энелер бактылуу болушсун. Узак жашашсын. Балдарынын урматын көрсүн. Ар бир баланын дүйнөдөгү алгачкы мектеби — бул апасынын камкордугу. Эненин жүрөгү бактылуулукка гана толуп турсун. Бул үчүн ар бир бала энени бактылуу кылууга далалат кылсын, жан үрөсүн...
Мелмил БАЙМЫРЗАЕВА

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев