Буга ылайык ырчы айым Айпери Кубик кызы элди алданбоого үндөп атайын пост жазды.
Анын айтымында, каржы пирамидасына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы “арам” деп фатва чыгарган.
“Ассаламу алейкум! ЭЛИЗА, МЭЭРА үй буюмдарынын атынан реклама деп күнүнө 100 адам жазат! Бул системага шарият тыюу салып, фатва чыкканына канча болду?! Карапайым эл алданбаңыздар! Жаңылыктарда бул системанын айынан камалган эжелерди деле көрүп жатсаңыздар керек!
Алданбагыла туугандар! ЭСКЕРТИП койдум, калганын өзүңүздөр билесиздер. Maгa бул СИСТЕМА боюнча КАЙРЫЛБАГЫЛАЧЫ. Фатва чыккандан бери ар дайым отказ кылып тыйып келем! Элди алдабагыла. Адал десе ишенип, башында мен да чыгарып алып, дароо өчүргөм. Ошондон бери РЕКЛАМАСЫН кылган жокмун жана КЫЛБАЙМ! Менин атымды булгап, Айпери деле иштейт дегендер, Кудайдан корккула!!!”, — деп жазган.
Буга ылайык, ырчы айымдын баракчасына каржы пирамидасынан ар кандай билдирүүлөр келген. Алар: “Постуңду өчүр, болбосо сага эле жаман болот, же “чёрный” пиарды каалап жатасыңбы? Билип-билбей жазган постуңду өчүр, биз алчуларыбызды алып эле жатабыз. Болбосо биз да сен жөнүндө антиреклама жасайбыз. Өзүңдү бил дагы постуңду өчүр. 1,5 миллион “Элиза” үй буюмдарынын катышуучулары жалоб кылабыз, өчүрбөсөң”, — деген коркутууларды жазышкан.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев