Урматтуу мекендештер, Кадырлуу Алатоолук агайын-туугандар!
Сиздерди
Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство университетинин жалпы жамааты
жаратылыштын жаңылануусун даңазалаган Нооруз майрамы менен куттуктайт!
Ар жылы жаз сайын бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин,
сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун,
мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу
майрам болуп калды.
Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке,
ак эмгекке чакырган аруу каалоо тилектериңиздер ишке ашышына
тилектешпиз. Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде бейкутчулук,
токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдериңиздер
эч