Аалымдардан бир зат жаш жана сулуу бир келинди сыноо үчүн мындай деди:
– Сендей сулуу келиндин ушундай өңсүз күйөөсү болгону жакшы эмес.
Күйөөсү өңсүз, кир жүргөн, көрүмсүз адам болгон сулуу келин ал аалымга кооз жообун берди:
Эй, аким! Сиз жаңылыш сүйлөдүңүз. Сөзүңүз туура эмес. Мындай сөздөрдү сиздей аалымдан угуп абдан иренжидим. Анткени күйөөмдүн Алла Тааланын алдында бир сообу бар болсо керек, мени ал соопко карата бир сыйлык катары ага насип кылса керек. Балким мен бир күнөө иш кылган болуум мүмкүн. Жараткан бул күнөөмдүн жазасы катары мени ага бергендир. Жараткандын берген тагдырына ыраазы болуу керек.
Ал аалым сулуу келинге:
– Балам, мен сени диндар жана акылдуу аял экениңди сез
Бир күнү 4-5класста окуп калган бир бала мечитке кирди. Мурдунан суу куюлган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип "силер дуба кыласыңарбы?"-деп сурады. Ооба, кел келе кой кимге дуба кылуу керек эле - деп ичке киргиздим. Ата-энеме........ сөзүнүн аягы жок мукактанып сүйлөдү бала. Ата-энең кайда? Эмне болду эле? - дедим мен. Оор үшкүрүнүп алып, "ата-энем Москвада, аларды сагындым, көп болду көрө элегиме алардын ден-соолугу, иштери жакшы болуп тезирээк кайтып келүүлөрү үчүн дуба кылып бериңиздерчи ..." - жалооруй карады. Андан ары эч нерсе сурай алган жокмун, бир нерсе десем эле ыйлачудай болуп тур
✅ Акыйка – бул Аллах Таалага шүгүр кылуу максатында жаңы төрөлгөн баланын атынан жандык союу. Акыйка кылуунун төрөлгөн балага да, анын ата-энесине да чоң пайдасы бар. Акыйка кылуу менен бала шайтандын азгырыгынан амандыкта болот. Ал эми баланын ата-энеси акыйка кылып элге садака бергендиги үчүн акыретте көптөгөн сооп-сыйлыктарга ээ болот. А бул дүйнөдө болсо элдерден жакшы бата-тилектерди алат. Садака бергендигинин себебинен ар түрдүү кырсык балээлерден алыс болот.
_АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ_
Бала төрөлгөндө жандык союп акыйка кылуунун өкүмү шариятта сүннөт иштерден болуп саналат. Ошонду