✍🏻Ыйык Рамазандын маңызына толук жетиш үчүн ошол мезгилге таандык болгон мээримдүүлүк жамгырынан пайдаланыш зарыл. Анткени жазгы жамгырдын ташка эч кандаи пайдасы жок. Бир гана такыбалык аркылуу бул шүгүрчүлүк жана мээрим айынын ыракатына бөлөнө алабыз.
💫Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) мындаи деит: «Рамазан айы киргенде, бейиштин эшиктери ачылат, тозоктун эшиктери бекитилет, шайтандарга кишен салынат.» (Бухарии, Муслим)
Башкача айтканда, адамдык кyнөөлөр чыныгы орозо кармоочуларда өтө эле азаят. Шайтандын жамандыгы токтойт. Бирок напсинин; жамандыгынан сактаныш керек...
Ыйык хадисте төмөнкүчө баяндалат: «Бейиш жылдан жылга Рамазан үчүн аземденип мындай дейт: «Йа, Рабби! Биз үчүн бул айда пенделериңден бизде калуучу инсандардан кыл!» (Табарании)
Ким каалабасын э бейишке кирүүнү, бейиштин атын атоо оңой,кирүү бекер,болгону амалыңызга көз каранды!
"Йа,Робби! "-деп биз пенделерди күтүп жаткан бейишке кимдин гана баргысы келбестир.Ушул ыйык күндөрдө бейиш бизди чакырып жаткада артка бурулбай кирүүгө умтулуң.. Тагыраак айтканда, кишинин жеп-ичүү сыяктуу тышкы каалоолордон оолак турууну жетиштүү деп эсептебестен, жан-дүйнөнү да ушак-айың, жалган сыяктуу бардык дүйнөлүк ыпылас нерселерден коргошуңуз керек.
💫Алланын Элчиси (саллаллоху алеихи васаллам) бул тууралуу мындай дейт: «Орозо кармаган киши жалган нерселерге жакындабашы керек. Анткени адамдарды (бир гана) жеп-ичүүдөн тыя турган орозого Аллах Таалага маани бербейт.» (Бухарии, Термезии, Абу Давуд, Ибн Маажа)..
Дегиеле Бейиш эмне экенин билесизби бир тууганым?! Балким билбейс чыгаар? Ал жака кимдер барат кимдер кирет анда көңүл буруңуз!
Бейиш деген сен элестете албаган өтө кооз ажайып, рахаттуу жер. Анда пенделердин баардыгын жагымдуу,даамдуу тамак аш менен күтүп алышат. Аллаху таала бейишке кооз имраттар тургузуп ,ал жерге бакчалар, түрдүү мөмө жемиштер отрургузуп жана башка ажайып кереметтерди жараткан. Булардын баарын тил менен сүйлоп, калем менен жазуу өтө эле кыйын.
Бейиште кандай ажайыптар бар билесинби?
Бейиште болгон момун пенделер Аллаху Тааланын өзүн көрө алышат,ушундайда Алла Тааланын кудуретине таң калышат.
Бейишке кандай пенделер киришет?
Жарык дуйнөдө Алла Таала буюрган иштерди аткарган ,шариятка туура келбеген иштерден сактанган момун пенделер барышат.
*🌳БЕЙИШ ДАРБАЗАЛАРЫ.*
Бейиш дарбазалары бар,анда периштелер жана момун мусулмандар киришет. Бул тууралу Куранда бир канча аяттарда айтылган. Мисалы:
*" Алар үчүн бардык эшиктери кенен ачылган түболүк бейиштер бар"*.(Сад сүрөсү, 50 аят).
🌳"Адн" бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары,жуп түгойлорү жана урпактарынан турган салих жакшы адаамдар менен бирге киришет. Анан аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип: *"Сабыр кылганынар себептүү силерге Алланын саламы болсун! Акырет Үйү Бейиш кандай жакшы! "*- дешет.(Раад сүрөсү,23 аят)
*📖"Ал эми Роббисинен корккон адамдар тобу менен Бейишке алып барылат. Качан Бейишке жетип эшиктер ачылганда, анын корукчулары: *"Силерге Алланын саламы болсун! Кош келиңиздер! Эми бейишке түболүк киргиле!- деп айтышат"*.(Зумра сүрөсү ,73 аят)
🌳Бейиш дарбазаларынын саны -сегиз. Анын бир дарбазасы "Раййан"деп аталат. Ал орозо туткандар үчүн. Сахл бин Саьд кабарлаган хадисте(Ага Аллах ыраазы болсун): _*"Бейиштин сегиз дарбазасы бар, анын бирөө "Раяан"деп аталат,ага орозо кармагандар гана кирет,алар кирип бүткондон кийин,дарбазалар жабылат да башкалар киргизилбейт"*_ -деп айткан. (Бухари, 3257).
💫Ошондой эле Умар бин Хаттаб (Алла андан ыраазы болсун)
кабарлаган хадисте,Пайгамбарыбыз(Ага ﺍﻟﻠﻪ тын салам салаваты болсун) *" Ким толук кандуу даарат алып, анан асманга карап: "Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок ,Анын шериги жок да жок жана Мухаммед анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берсе,ага Бейиштин сегиз эшиги ачылат да, каалаган эшигинен кирет"*-деп айткан.(Абу Дауд, 129).
Пайгамбарыбыз кээ бир пенделер эсеб кысабы жок,өзүнчө эшиктен киришет деп айткан.
💫Абу Хурайранын шапаат колдо туурасында айткан хсдисинде, Алла Тааланын: *"Оо, Мухаммед, үммөтүңдүн эсеб кысабы жок пенделерин оң дарбазадан киргиз! Калагандары болсо башка дарбазадан киришет деп айтканы баяндалган.*
💫Абдулла бин Салам (ﺍﻟﻠﻪ андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз(ага ﺍﻟﻠﻪ тын салам салаваты болсун) *"Бейиштеги дарбазанын аралыгы - кырк жылдык жол. Ошол жерге адамдар беш суусаган төө бир кулака тыгылгандай тыгылышат"*- деп айткан.(Табарни, 153).
Бейиш кандай рахаттуу, жан дүйнөңдү тынчтанта турган жер окуп, угуп алып ушундай ырахатка батасын, ал жакка жетүү, насип кылып кирүү кандай гана баа жеткис бакыт.
Аллахым чексиз мээрими менен биз алсыз пенделерди билип -билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, адашуудан сактап ,бул ыйык болгон айда ырайым берекесин ар бир мусулман пендесине пайдаланып алууну Раяан бейишине билет алуубузду насип кылган болсун!
Дагы бир жолу орозоңуздар кабыл болсун мусулман бир туугандар!
👤Насиба Абдуллаева

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3